Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:27

Консоттун төрагасы Өскөнбаев УКМК козгогон ишти "негизсиз" деп атады


Эмил Өскөнбаев.
Эмил Өскөнбаев.

Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) козгогон кылмыш иши тууралуу 8-декабрда “Азаттыкка” комментарий берди.

Атайын кызмат “ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген” айыпты “болбогон сөз” деп атап, чет өлкөлүк иш сапарларга жубайы менен чыккан учурлар бар экенин айтты.

“Ооба, бир-эки иш сапарына аялым менен баргам. Анын чыгымын өзүм төлөгөм. Буга эл аралык мамиледе уруксат берилет. Кошумча адам барса болору келишимде көрсөтүлөт. Ага акчаны өзүбүз төлөйбүз. Ал мыйзамсыз эмес”, - деди ал.

8-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы Конституциялык соттун төрагасы жана башка кызмат адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган, мыйзамдарды одоно бузган фактылар аныкталганын билдирген.

Атайын кызмат сөз болуп жаткан соттун төрагасы жана башка жетекчилери Конституциялык соттун судьяларынын чет өлкөлүк иш сапарларына келген чакыруу каттарын жашырып, чет өлкөлүк сапарларга жакын туугандарын чыгаруу максаттарына пайдаланышканы аныкталганын кабарлаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголду.

УКМК Эмил Өскөнбаев жана дагы эки эркек киши, үч аял чогуу түшкөн үч сүрөттү жарыялады. Сүрөттө алардын беттери жабылган.

59 жаштагы Эмил Өскөнбаев Конституциялык соттун төрагасы болуп 2022-жылы февралда дайындалган. Ал Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи. 1993-жылы Конституциялык сотто укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы, кийин аппараттын жетекчиси болуп иштеген. 2011-жылы Жогорку соттун Конституциялык палатасына судья болуп шайланган. Кийин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары болгон.

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” мыйзамга ылайык, судья кол тийбестик укугуна ээ жана кылмыш жасап жаткан жеринде кармалган учурду кошпогондо, ал кармалбайт жана камакка алынбайт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG