Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Грузияда Европаны жактагандардын жүрүшү өттү


Европага кошулууну жактагандардын акциясы. Грузия, Тбилиси. 2023-жылдын 9-декабры.
Европага кошулууну жактагандардын акциясы. Грузия, Тбилиси. 2023-жылдын 9-декабры.

Тбилисиде 9-декабрда Европаны жактаган он миңдеген адамдар жүрүшкө чыкты. Алар колдоруна "Грузиндер - европалыктар" деген ураанды көтөрүштү. Акцияга борбор калаанын жана Грузиянын он эки шаарынын тургундары катышып, алар негизги көчө - Руставели проспектиси менен басышты.

Батышка ыктаган саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдар өткөргөн митинг "Республика" аянтынан башталып, "Европа " аянтында аяктады. Демонстранттар ал жерде Европа Биримдигинин чоң желегин көтөрүп турду.

Европа аянтында жөө жүрүшкө чыккандарга Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили кошулду.

"Биз Европага кошулгубуз келет, көрдүңүздөрбү, биздин умтулуубузду Европага көрсөтүү максатында канча адам көчөгө чыкканын", – деди ал журналисттерге. - "Европа - бул адам жана анын пикири бааланган мейкиндик".

Бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы жөө жүрүшкө катышкан жок. Анын атынан парламенттин мурдагы төрагасы Арчил Талаквадзе акциянын уюштуруучулары, анын ичинде Михаил Саакашвилинин "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы жана батышчыл бейөкмөт уюмдар "Грузин кыялынын" өлкөнү Евробиримдикке жакындатуудагы жасаган иштерин өздөрүнө ыйгарып алууга умтулуп жатат деп билдирди.

Мындай баа менен акциянын уюштуруучулары макул болушкан жок. Грузиянын мурдагы омбудсмени Нино Ломжария Европадан Грузияга Биримдикке кирүүгө талапкер макамын ушул декабрь ичинде бергени маанилүү деп айтты.

Грузиянын Евробиримдиктеги элчиси Павел Херчински декабрдын ортосунда Европа Кеңешинин жыйынында Грузияга талапкердикти берүү маселеси күн тартибиндеги маселелердин бири экенин тастыктады.

"Бирок оң чечим кабыл алыныш үчүн шаркетке мүчө бардык 27 мамлекеттин тең макулдугу керек", - деди ал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG