Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:40

Депутат Каракол шаарынын саркынды суусу Ысык-Көлгө куюлуп жатканын айтты


Аманкан Кенжебаев
Аманкан Кенжебаев

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 11-декабрда мамлекеттик органдардын Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу маалыматын укту.

Бул багыттагы маалыматтар менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Самат Жантелиев тааныштырды. Ал Чолпон-Ата шаарында жаңы тазалоочу курулманы куруу үчүн анын техникалык экономикалык негиздеме даярдоо багытында Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен долбоор даярдалып жатканын тактады.

Самат Жантелиев Тамчы айылында да тазалоочу курулмаларды курууга долбоор даярдоо үчүн республикалык бюджеттен 15 млн сом каралганын айтып, бул боюнча эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.

Депутат Султанбай Айжигитов Чолпон-Ата шаарынан сырткары Каракол жана Балыкчы шаарларынын тазалоочу курулмаларынын курулушун сурап, анын каржылоосун сурады. Каржы министринин орун басары Руслан Татиков аталган шаарлардагы тазалоочу курулмалар үчүн 2019-жылы Азия өнүктүрүү банкы 41,8 млн доллар каражат бөлүп бергенин, анын 12,8 млн доллары грант катары, калганы насыя түрүндө алынганын билдирди.

Комитеттин төрагасы, депутат Аманкан Кенжебаев Каракол шаарында тазалоочу курулмалардын жоктугунан улам чогулган саркынды суунун баары тазаланбай көлгө куюлуп жатканын айтты:

“Биз ушул комитет менен Ысык-Көлгө алты жолу чыгып, көчмө жыйын өткөрүп келдик. Мындан сырткары бир нече депутат өзүнчө барып, өз көзүбүз менен көрүп келдик. Ысык-Көл облусу боюнча 1217 пансионат жана конок үйлөрү бар. Ошонун негизгилери Кара-Ой, Чолпон-Ата жана Бостериде. Ошол жерге тазалоочу курулмаларды куруу үчүн 64 млн долларды бөлүп берели десек, мамлекеттик органдар чабал иштеп жатат. Эки жыл болду, иш ордунан жылган жок. Экинчиден, 2019-жылы 47 млн доллар бөлүнгөн каражаттын негизинде Балыкчы шаарындагы курулмалар бүтүп жатат, бирок Каракол шаарынын тазалоочу курулмалары эмдигиче баштала элек. Төрт жылдан бери бул шаардагы канализациядан чыккан 5 миң куб метр саркынды суу Ысык-Көлгө куюлуп жатат. Ушуну ишке ашыра албаса жетекчилер эмне отурат? Же бул жерде саботаж болуп атабы?”, – деди Аманкан Кенжебаев.

Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Шамшидин Халов депутаттын суроосуна жооп берип, Караколдогу саркынды суу бир сыйра тазаланып, кайра сугат үчүн берилерин тактады. Депутат Кенжебаев анын бул жообун сынга алып, “кышта, сугат жок маалда саркынды суу көлгө түз кетип жатканын” кайталады.

Парламенттин комитети отурумдун жыйынтыгында буга чейин берилген тапшырмалардын жана чечимдердин аткарылбай жатканын эске алып, тийиштүү тармактардын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо боюнча Президентке жана Министрлер кабинетинин төрагасына кайрылуу чечимине келишти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG