Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

УКМК Фейсбук колдонуучусун "башаламандыкка чакырган" деген айып менен кармады


УКМКнын имараты
УКМКнын имараты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда массалык башаламандык уюштурууга чакырган деген шек менен Фейсбуктун колдонуучусу кармалганын 11-декабрда маалымдады.

Мекеме Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) менен иш козголгонун, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Фейсбукта “Айман Манап” деген аккаунттун колдонуучусу, 1983-жылы туулган жаран кармалганын билдирди.

Маалыматта "ал баракчасына жапырт башаламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турганы аныкталганы" жазылган .

"Шектүү жашаган жерден уюлдук телефон жана башка кылмыш ишине тиешеси бар буюмдар табылган".

Кармалган адамдын жакындары, адвокаттары азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар болгон. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG