Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:47

Волкер Түрк согушту токтотуу үчүн аракеттенүүгө чакырды


БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Волкер Түрк. 8-ноябрь, 2023-жыл. Каир.
БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Волкер Түрк. 8-ноябрь, 2023-жыл. Каир.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Волкер Түрк 11-декабрда мамлекеттерди согуш, айлана-чөйрөнүн булганышы сыяктуу коркунучтарды жеңүү үчүн бирге кызматташууга чакырды.

Женевада өткөн Адам укуктарынын декларациясынын 75 жылдыгына арналган иш-чарага ондогон өлкөлөрдүн министрлери, дипломаттар жана активистер катышты.

Өз сөзүндө Түрк Газадагы запкыга кабылган миллиондогон адамдардын тагдырына кайрылды.

Анын айтуусуна караганда, учурда дүйнөдө 55 куралдуу кагылышуу жүрүп жатат. Алардын катарына Орусиянын Украинага кол салышы жана Судандагы куралдуу топтордун арасындагы кагылышуулар кирет.

БУУнун Адам укуктары боюнча жалпы декларациясы 1948-жылдын 10-декабрында кабыл алынган. Бул декларацияга Кыргызстан 1994-жылы кошулган.

Президент Жапаров Кыргызстан адам укуктары декларациясын сактоого аракеттенип жатканын айтты.

Буга карабай соңку эки жылда сөз эркиндиги, тынч жыйындар эркиндиги начарлап кеткенин бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар белгилешүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG