Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Навальный менен алты күндөн бери байланыша албай жатканын тарапташтары билдирди


Орус оппозициячыл саясатчыcы Алексей Навальный.
Орус оппозициячыл саясатчыcы Алексей Навальный.

Орусияда түрмөдө отурган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды Владимир облусундагы Ковров шаардык сотуна 11-декабрда видео аркылуу байланышка чыгарышкан жок.

Навальныйдын тарапташтары аны менен алты күндөн бери байланыша албай жатканын айтышууда. Бул тууралуу алар саясатчынын Телеграм-каналы аркылуу кабарлашты.

Адвокатын дагы түрмөгө киргизбей жатканы белгилүү болду.

Саясатчынын маалымат катчысы Кира Ярмыштын айтымында, түрмөнүн кызматкерлери “7-декабрдан бери электр жарыгын калыбына келтире албагандыктан” Навальныйды видео аркылуу байланыштыруу мүмкүн болбой жатканын билдиришкен.

Жаза аткаруу кызматы бул тууралуу расмий комментарий бере элек.

Тарапташтарынын айтуусунда, Навальный декабрдын башында өзүн начар сезип жаткан. Кира Ярмыш менен Руслан Шаветдинов белгилегендей, саясатчыга тамак берилбей, аба алмашпаган камерада кармап, таза абада сейилдөө убактысын кыскартып салышкан.

47 жаштагы Навальный быйыл августта “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин ал Ив-роше иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан.

Учурда Владимир облусундагы күчөтүлгөн режимдеги түрмөдө отурган Навальный өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке кагып келет.

Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары аны саясий туткун катары таанышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG