Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:59

Москванын соту америкалык журналист Гершковичти камакта калтырды


Эван Гершкович сот маалында. Москва, 14-декабрь 2023-жыл
Эван Гершкович сот маалында. Москва, 14-декабрь 2023-жыл

Америкалык журналист, Орусияда тыңчылык үчүн айыпталып жаткан Эван Гершковичтин апелляциялык арызы канааттандырылган жок. Москва шаардык сотунун чечими менен The Wall Street Journal гезитинин кабарчысы 30-январга чейин камакта калды.

Ишке “жашыруун деген” гриф берилгендиктен, сот жабык өттү.

Журналист март айында Екатеринбург шаарында орусиялыктардын Украинадагы согушка мамилеси жана “Вагнер” компаниясы тууралуу материал даярдап жүргөндө кармалган.

Орусия Гершкович “журналисттик ишмердикке жамынып алып” кыңыр ишин жасап жүргөнүн, жашыруун маалыматтарды алууга аракеттенген жеринен кармалганын айтып, тыңчылыкка айыптап жатат. The Wall Street Journal кабарчысына коюлган айыпты четке кагууда.

Анын камактагы мөөнөтү үч жолу узартылган.

Вашингтон журналисттин кармалышын мыйзамсыз деп атап, аны токтоосуз бошотууну талап кылып келатат.

13-декабарда АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Гершковичти бошотууну президент Жо Байден үчүн артыкчылыктуу максат деп атады. Мамлекеттик департамент аны “мыйзамсыз камалгандардын” тизмесине киргизген.

Бейшембиде орус президенти Владимир Путин түз эфир маалында Москва камактагы америкалыктарды кайтаруудан баш тартпаганын айтты. Гершкович менен АКШнын дагы бир жараны Пол Уиланды кайтаруу үчүн мунаса табуу ыктымалдыгы тууралуу суроону The New York Times басылмасынын кабарчысы берди. Путин бул багытта диалог жүрүп жатканын, макулдашуунун шарттары эки тарапты тең канааттандырууга тийиш экенин билдирди.

Гершкович "кансыз согуш" аяктагандан бери "тыңчылыкка" айыпталып, Орусияда кармалган биринчи америкалык журналист болуп калды.

Ушу тапта Казандагы тергөө абагында дагы бир америкалык журналист, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр редакциясынын кызматкери Алсу Курмашева кармалып турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG