Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:28

Москвада полиция менен тирештен кийин 80ден ашык мигрант кармалды


Орус полициясы тажикстандык мигранттарды жапырт кармоо учуру. 2023-жылдын 28-майы.
Орус полициясы тажикстандык мигранттарды жапырт кармоо учуру. 2023-жылдын 28-майы.

Москванын түштүк-чыгышындагы "Садовод" базарында полиция кызматкерлери менен кагылышуудан кийин 82 мигрант кармалды. Бул тууралуу Москва шаардык ички иштер башкармалыгына шилтеме берип, Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 15-декабрдын кечинде МАИ кызматкери тажикстандык 21 жаштагы жарандын документтерин текшерүү максатында анын автоунаасын токтотууга аракет жасаган.

"Бирок айдоочу талапка баш ийбей, полиция кызматкерин бир нече метрге чейин сүйрөп барып, качып кетүүгө аракет кылган. Кийин унаадан түшүп, полиция кызматкерине кол салган", - деп айтылат маалыматта.

Көп өтпөй окуя болгон жерге ондогон киши келип, полиция менен кагылышуу болгон. Интернетте тараган видеодо тартип сакчылары абага бир нече жолу ок чыгарып, андан соң чогулгандарды жапырт кармоого өткөнүн көрүүгө болот.

Кармалган 82 мигрантка "майда бейбаштык", "полиция кызматкерине баш ийбөө" беренелери менен протокол түзүлгөн. Ал эми айдоочуга карата "зомбулук" беренеси менен иш козголгон. Анын талмасы бар экени билинген соң ооруканага жеткирилген жана кийин кое берилген.

Кармалгандардын документтери текшерилип, аскердик каттоого турган-турбаганы териштирилди.

Буга чейин Орусиянын аймагындагы мигранттар ар кандай коомдук жайларда кармалып, аскердик каттоого алынып, айрымдары Украинадагы согушка жөнөтүлүп жатканы тууралуу кабарлар тараган.

Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган соң согушка барып окко учкан бир нече кыргыздардын сөөгү туулуп-өскөн жерине жеткирилген учурлар акыркы эки жылда бир канча жолу катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG