Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:13

Орусиянын Белгород облусунда атышуу болуп жатканы кабарланды


Орусиянын Белгород шаары Украинанын Харьков облусунан анча алыс эмес аралыкта жайгашкан.
Орусиянын Белгород шаары Украинанын Харьков облусунан анча алыс эмес аралыкта жайгашкан.

Орусиянын Украина менен чектеш Белгород облусундагы Теребрено кыштагынын айланасында атышуу болуп жатканы кабарланууда. Бул тууралуу Белгороддун губернатору Вячеслав Гладков жекшембиде Телеграмга жазды. Ал аталган кыштакты Украинанын куралдуу күчтөрү аткылап жатканын, бир нече айылда электр жарыгы үзгүлтүккө учураганын билдирди.

"Пепел" басылмасы Теребрено аймагында орус аскерлери менен украиналык диверсиялык-чалгындоо тобунун ортосунда салгылашуу жүрүп жатышы мүмкүндүгүн кабарлады.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, Белгород облусунун аймагына диверсиялык-чалгындоо тобунун ондой мүчөсү кирген. Чабуулдун мизин кайтаруу үчүн тик учактар колдонулган. Теребренонун тургундары айылдан чыгып жатышат. Бул аймакка алып барган жолдор жабылган", - деп айтылат маалыматта.

Украин тарап Орусиянын аймагындагы окуялар тууралуу комментарий бере элек. Буга чейин Украинанын Чек ара кызматы Сумы жана Харьков облустарында орусиялык диверсиялык топторду аныктаганын маалымдаган.

"Чек арачылардын жана аймактык коргонуу күчтөрүнүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасында диверсанттар мамлекеттик чек арадан сүрүп чыгарылды", - деп айтылган мекеменин жекшембидеги билдирүүсүндө. Бирок украин тарап окуя качан болгонун так айткан эмес.

Буга чейин Украина тарапта согушуп жаткан «Орус ыктыярчылар корпусу» жана «Орусиянын эркиндиги» легиону Белгород облусунда рейд жүргүзгөн учурлар болгон. Бул топтор июнь айында Белгороддогу бир нече кыштакты убактылуу көзөмөлүнө алганын жарыялашкан. «Орус ыктыярчылар корпусу» Теребренодогу соңку атышуулар тууралуу маалымат жарыялаган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG