Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Белгилүү грузин кинематографисти Отар Иоселиани көз жумду


Отар Иоселиани.
Отар Иоселиани.

Белгилүү грузин кинорежиссеру, сценарист жана актер Отар Иоселиани Францияда көз жумду. Бул маалыматты анын жакындары журналисттерге ырасташты. Кинематографист февраль айында 90 жашка чыкмак.

Иоселиани 1980-жылдардын башында Францияга чыгып кеткен. Буга анын советтик цензура менен пикир келишпестиги себеп болгону кабарланган.

Ал Орусиянын бийлигин Чеченстандагы жана Грузиядагы согуштарга байланыштуу сындап келген. Режиссер Орусия Украинага кол салгандан кийин президент Владимир Путинди нацисттик Германиянын диктатору Адольф Гитлерге салыштырган.

Отар Иоселиани 1934-жылы Тбилисиде туулган. Москвада окуп, 1960-жылдары кино тарта баштаган. Анын "Төгүлгөн жалбырактар" аттуу биринчи толук метраждуу тасмасы Канн эл аралык кинофестивалында ФИПРЕССИ (FIPRESCI) сыйлыгына татыган.

Андан кийинки тасмалары, анын ичинде "Пастораль" фильми да эл арасында популярдуу болгон.

Отар Иоселиани Францияда да "Айдын фавориттери" сыяктуу бир катар белгилүү тасмаларды тарткан. Айрым тасмаларда өзү да роль жараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG