Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Омбудсмендин өкүлдөрү абактагы активисттер Жоробеков, Аспековдон кабар алды


Мелис Аспеков жана Афтандил Жоробеков. Коллаж.
Мелис Аспеков жана Афтандил Жоробеков. Коллаж.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагына мониторинг жүргүзүп, камакта жаткан активисттер Афтандил Жоробеков жана Мелис Аспековдон да кабар алышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 18-декабрда билдирди.

Ага ылайык, Афтандил Жоробеков жаткан камерага 10 адам киргизилип, сегиз эле керебет коюлганы аныкталган. Тергөө изоляторунун кызматкерлери кармалган эки киши таңга маал алынып келгенин, ушул эле күнү башка мекемеге которуларын айтышкан.

Афтандил Жоробеков кармоо шартына жана ден соолугунун абалына даттанган эмес жана камакка алуу бөгөт чарасына макул эмес экенин, буга байланыштуу анын адвокаты кийинки инстанцияга апелляциялык арыз бергенин билдирген.

Тергөө абагынын кызматкерлери Мелис Аспековду 21-декабрда текшерүүдөн өткөрүш үчүн “Бикард” жеке менчик клиникасына жөнөтө турганын кабарлашкан.

7-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция суракка чакыргандан кийин камаган. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Свердлов райондук соту 8-декабрда кечинде карап, эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш ишин козгогон.

ИИМ Мелис Аспековго Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” жана “Массалык башаламандыктар” деген беренелери менен айып таккан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG