Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:29

Орусияда борборазиялык эки рэперге иш козголду


Орусиянын Тергөө комитети борборазиялык эки рэп аткаруучуга карата улут аралык кастыкты козутуу тууралуу айып тагып, кылмыш ишин козгоду. Шерафган Шарипов (Sheraph'gun деген псевдоним менен белгилүү) жана Ислам Закиров (псевдоними Рецидив), Тергөө комитетинин маалыматына караганда, өз чыгармаларында башка улуттагыларга күч колдонууга үгүт кылышкан.

Мурдараак айрым Telegram каналдарда бул эки рэперди жазага тартуу чакырыктары айтылган.

Sheraph'gun рэп таймаштарынын биринде Орусиянын Электросталь шаарындагы окуяга кайрылган. Бул шаарда белгисиз бирөөлөр жергиликтүү бир тургундун чач жасалгасын туура эмес деп эсептеп, баш терисин сыйрып салышкан. Ал эми рэпер Рецидив баттлдардын биринде “орус аял” деген сөздү колдонгон.

Бул баттлдардын видеосу интернетке жарыялангандан кийин Орусияга Борбор Азиядан барган эмгек мигранттарына каршы «Многонационал» Telegram каналы катталуучуларына кайрылып, тергөө органдарына арызданууга жана аталган эки рэпердин сөздөрү мыйзамга канчалык туура келерин текшерүүгө чакырыган.

Тергөө комитети кастыкты козутуу тууралуу иш “Москвада жашаган эки борборазиялыкка” карата козголгонун маалымдады, бирок алардын аты-жөнүн ачыктаган жок. «Новая газета. Европа» басылмасы алар Тажикстандын жараны Шарипов жана Кыргызстандын жараны Ислам Закиров экенин жазып чыкты.

17 жаштагы Закиров кармалгандан кийинки аны орусиялык күч кызматкери тартып жаткан видео суракта орус улутуна шек келтиргенин жана алардан кечирим сурай турганын айтып жатканын көрүүгө болот.

Рэперлер таймашкан BRP BATTLE аянтчасы белгисиз мөөнөткө чейин ишин токтотконун жарыялады. Экөөнүн тең жашаган жеринде тинтүү жүргөнү кабарланды. Алар социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарын өчүрүп салышканы да белгилүү болду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG