Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:37

Египетте Абдел Фаттах ас-Сиси кайрадан президент болуп шайланды


Абдел Фаттах ас-Сиси.
Абдел Фаттах ас-Сиси.

Египетте жыйынтыкталган президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Абдел Фаттах ас-Сиси утуп, үчүнчү мөөнөткө шайланды. Өлкөнүн Улуттук шайлоо мекемесинин маалыматына караганда, добуш берүүгө шайлоочулардын 67% катышып, алардын 89,6% добушун азыркы президентке беришти.

Шайлоого жалпысынан төрт талапкер катышты, бирок алардын бири дагы ас-Сисиге олуттуу атаандаш боло албаганын, утуп чыгарынан эч кимде күмөн саноо дээрлик болбогонун The Washington Post басылмасы белгиледи.

Серепчилер улуттук карызы көбөйгөн, экономикасы туруктуу эмес, 105 миллиондук калкынын ар бир үчүнчү жараны жакырчылыкта жашаган Египетти башкаруу оңой болбой турганын, коңшу жайгашкан Газада абал курчуп турганы кырдаалды ого бетер оорлотушу ыктымал экенин белгилеп жатышат.

АКШда, Европада жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук деп табылган ХАМАС тобуна Египетте да тыюу салынган. Бул өлкө азыр ортомчулук кызматын көрсөтүп, өз аймагы аркылуу Газага гуманитардык жардамдын жеткирилишине, чет элдиктерди жана оор жараат алгандарды эвакуациялоого шарт түзүүдө. Бирок палестиналык качкындарды кабыл алуудан баш тарткан.

69 жаштагы Абдел Фаттах ас-Сиси 2013-жылкы аскердик төңкөрүштө негизги ролду ойноп, ошол кездеги президент Мухаммед Мурсини кызматтан кетирүүгө салым кошкон. 2014-жылы президент болуп шайланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG