Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

“Кемпирабадчылар” президенттин курултайдагы сөзү боюнча кайрылуу кылды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен укук коргоочу Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбек үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен укук коргоочу Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбек үй камагына чыккан.

19-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткандар президент Садыр Жапаровго Элдик курултайда “кемпирабадчылар” тууралуу айткан сөздөрүнө байланыштуу кайрылуу кылды. Анда “кылмыш ишинин материалдарында Кемпир-Абад окуясына чет мамлекеттин же адамдын катыштыгы бар деген бир да факты же далил жок” экени айтылат.

Буга байланыштуу алар президенттен “кемпирабадчылар” чет өлкөдөн акча алганы тууралуу далилдүү маалыматтарды талап кылды. “Эгерде мындай материалдар бар болсо, аларды жазык ишине киргизип айыпталуучуларды, алардын адвокаттары менен сотту тааныштыруу керек” деп эсептешет.

“Сиз айткан маалымат бизге эле эмес, биринчи кезекте Кыргызстан менен дипломатиялык мамиле түзгөн кайсы бир мамлекетке карата өтө олуттуу айыптоо болуп саналат. Биздин ишке кайсы мамлекеттин тиешеси бар экенин ачык айтпаганыңызга карабастан, сиз айткан жагдайлар тыкыр жана ар тараптуу иликтөөнү жана тийиштүү саясий-укуктук баа берүүнү талап кылат. Кеп биздин мамлекеттин ички иштерине одоно кийлигишүү, мамлекеттик эгемендүүлүккө кол салуу, башкача айтканда, Кыргызстандын аймагында диверсиялык иштерди жүргүзүү жөнүндө болуп жатат”, - деп айтылат кайрылууда.

16-декабрда экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү тууралуу суроолорго жооп берген.

“Муну уюштурган башчысы бар. Ал кайсы мамлекеттин элчисинен акча алганы бар экен. Биз аны ачык чыгарганда ал мамлекетти баарыңар жек көрөсүңөр. Анан ортобузда пикир келишпестик, жек көрүү болуп мамилебиз бузулуп калышы мүмкүн экен. “Ошон үчүн жабык өткөрүп атабыз” деп айтышты”, - деген Садыр Жапаров сөз ким жана кайсы өлкөнүн элчиси жөнүндө болуп жатканын тактаган эмес.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров ага чейин Элдик курултайдын катышуучуларына кайрылуу кылып, сотту ачык өткөрүүнү курултайга салуу сунушун берген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин быйыл июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG