Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:52

Азербайжан оппозициясы бийликтин кезексиз шайлоо демилгесин айыптоодо


Илхам Алиев. Архивдик сүрөт.
Илхам Алиев. Архивдик сүрөт.

Азербайжандын эки негизги оппозициялык партиясы өлкөдө жарыяланган кезексиз президенттик шайлоону айыптап чыгышты. «Улуттук фронт» жана «Мусават» партияларынын лидерлери 18-декабрда бул шайлоо демократияга каршы келерин белгилеп, азыркы президент Илхам Алиевдин дээрлик 20 жылдан берки бийлигинин мөөнөтүн дагы узартуу аракети жүрүп жатканын айтышты жана өз талапкерлерин чыгарбай турганын билдиришти.

Ошону менен катар алар шайлоочуларды да добуш берүүгө катышпай коюуга чакырышты.

"Биз эркин, таза, демократиялык шайлоону гана колдойбуз жана чыныгы атаандаштыкты талап кылабыз. Бирок бул жолу биз «шайлоо» жана «демократия» деген имитацияга, фарска катышпайбыз", - деди «Улуттук фронттун» лидери Али Керимли.

Кезексиз президенттик шайлоо Азербайжанда келерки кылдын 7-февралына белгиленген. Бүгүнкү күнгө карата азыркы президентти кошкондо алты талапкер катталды.

Буга чейинки президенттик шайлоо 2018-жылдын 11-апрелинде болгон, кийинкиси 2025-жылы өтмөк. Бийликтин тарапкерлери мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү демилесин дүйнөдөгү соңку өзгөрүүлөр шартында Азербайжандын кызыкчылыгын коргоо аракети менен түшүндүрүп жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG