Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

УКМК экс-депутаттын уулун кылмыштуу кирешени адалдоого шек санап кармады


Кылмыштуу акчаны адалдоого шек саналган жаран. Сүрөт УКМКга таандык.
Кылмыштуу акчаны адалдоого шек саналган жаран. Сүрөт УКМКга таандык.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулу М. А. М. кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (К. Асанбек) кылмыштуу кирешелерин адалдоого шектелип кармалганын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы 20-декабрда тараткан маалыматка ылайык, шектүү 6-декабрда кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси ("Кылмыштуу кирешелерди адалдоо") менен айып тагылып, Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камалды.

"М.А.М. Көлбаевдин ишмердиги кылмыштуу экенин билип туруп, өзүнүн атына катталган чопкуттуу "Лексус LX570" автоунаасын Көлбаевге жана башка уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрүнө пайдаланууга берген. Шектүү Камчы Көлбаев менен үй-бүлөлүк жакын мамиледе болгон, анын спорттук жана башка ищ-чараларын каржылап келген" деп жазылган маалыматта.

Коопсуздук кызматы иликтеп-тергөө учурунда Дубай шаарындагы "Бизнес Бэй" деп аталган тандамал аймакта кармалган жаранга таандык 24 батири бар экени аныкталганын, батирлердин жалпы баасы 4,5 млн долларга барабар экенин кошумчалады.

Учурда атайын кызматтын Чүй облустук башкармалыгы Көлбаевге таандык мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу ишин улантып жатканы кабарланды.

Айрым маалымат каражаттары М. А. М. аттуу инициалдагы бул жаран - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Динара Исаеванын уулу - Азиз Мырзаев экенин жазып чыгышты.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелеринин негизинде иш козголгонун, анын негизинде опузалоо жана рейдерлик аракеттер аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, кылмыштуу топторду каржылоого тиешеси бар ишкерлер да кармалганын кабарлаган.

УКМК көп өтпөй 225тен ашык мамлекеттик кызматкердин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы аныкталганын маалымдаган. Кылмыштуу топтордун мүчөлөрү же алар менен кызматташканы аныкталды деген негизде айрым адамдар кармалып, камакка алынган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG