Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Бейөкмөт уюмдарды каралоонун артында эмне турат?


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Президент Садыр Жапаров өткөн апта соңундагы Курултайда бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун толук колдой турганын билдирди. Анын буга чейин мындай уюмдар отчёт бербей, көмүскө иштеп келгенин айтканын коомчулукту жазгыруу катары сынга алгандар болууда.

Сырттан каржыланган уюмдар жыл сайын салык төлөмдөрү тууралуу отчётторун тапшырып турарын айтып жатышат. "Чет элдик өкүл" боюнча талаштуу мыйзам учурда парламенттин кароосунда.

"Бир Дүйнө - Кыргызстан" укуктук кыймылы 25 жылдан ашык убакыттан бери ишмердигин жүргүзүп келаткан уюм. Аталган уюмдун жетекчиси, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова соңку убакта сырттан каржыланган уюмдарга карата бир беткей каралоо болуп жатканын айтууда.

Курултайдагы билдирүүдөн улам ал президентке бейөкмөт уюмдар тууралуу бурмаланган маалыматтар берилген болушу мүмкүн деп эсептейт:

Төлөкан Исмаилова
Төлөкан Исмаилова

"Президент тез аранын ичинде чечүү процесстерине катышкан сот тармагы, Адилет министрлиги, Акыйкатчы институту баш болуп, биз менен диалогго келсе жакшы болмок. Маселен, өлкөнүн жана коомдун түзүлүшү үч негизги багыттан турса, анын бири бизбиз. Бир адамдын чечими башка секторлорго чоң кедергисин тийгизет. Көз карандысыз тармактардын өкүлдөрү менен биринчи баарлашуу керек эле. Биз эгемендик келгенден бери жарандык коомго кирип, "Интербилим", "Укук", "Форум" көз карандысыз уюмдары коалиция болуп түзүлгөн. Биз шайлоолорду таза өткөрүүгө аракет кылып жүрүп, азыркы мыкты жыйынтыктарга жеттик. Биз ошол эле аялдардын, балдардын, аялуу катмардагы жарандардын укугу үчүн күрөшүп келебиз".

Исмаилова ошондой эле бейөкмөт уюмдарды ашкере тескөө мурдагы бийликтин тушунда да болуп келгенин эске салды:

"Ар бир уюмда жыл сайын көз карандысыз аудит өткөрүп, анын ичинен Салык кызматына, Социалдык фондго төлөгөн төлөмдөрүбүз текшерилет. Ал тууралуу отчёттор 2021-жылдан бери мамлекеттин көзөмөлүндө турат. Биздин каржы маселелерибиздин баары ачык жүргүзүлөт жана маалымат ар жылы бейөкмөт уюмдардын расмий сайтына жарыяланып турат. Маселен, донор же өкмөт биздеги булактар ачык болбосо, биз менен иштешүүнү каалабайт. Ошондуктан ачык болууга өзүбүз кызыкдарбыз. Өкмөт жакшы менеджмент, башкарууну жарандык коомдон үйрөнсө болот. Албетте, толук кандуу отчёттуулук керек, бирок аны бир гана бейөкмөт уюмдардан талап кылбай, өкмөт өзү, партиялар да аткарышы керек. Жарандык коом коррупциялык иштерди айгинелеп, адам укуктары тууралуу маселелерди айтканы үчүн аны өкмөт жактырбай турат. Мисалы, пандемия маалында жабык жайларга, аймактарга, социалдык жактан муктаждарга биз жардам бердик. Эгер жарандык коом болбосо, ошол эле көйгөйлөр көз жаздымда калышы ыктымал".


"Чет элдик өкүл" боюнча талаштуу мыйзам учурда парламенттин кароосунда. Өткөн апта соңундагы Элдик курултайда президент Жапаров бул мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирип, өлкөдө катталган бейөкмөт уюмдар түшкөн каражаты тууралуу отчёт тапшырбай, социалдык төлөмдөрү тууралуу милдеттемелерин аткарбай келгенин белгилеген:

"Бул маселе боюнча өтө татаал жолдорду басып келатабыз. Бизди отуздан

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

ашык өлкө кыйнап, "кабыл албагыла", "кол койбоңуз" деп, барган жеримде "силер бейөкмөт уюмдарды кыйнап жатасыңар" дешет. Акыры менин ачуум келип, 4-5 өлкөдөн бейөкмөт уюмдар барбы деп сурадым. Алар социалдык фондго жана салыкка төлөмдөрдү берип, отчёт тапшырып турарын кошумчалашты. Анда эмнеге биз албашыбыз керек? Биз экинчи сорттогу адамдарбызбы? Биз алардын каражатын талашып, кыйнап жаткан жокпуз, болгону ачык көрсөт деген талап болууда. Буга чейин алар түшкөн каражат тууралуу маалыматты, ачык айтканда, көргөзгөн да эмес. 100 миң, миллиондогон евро жана долларларды алат, бирок бир тыйын салык да төлөбөйт. Эң болбогондо айлыктан социалдык камсыздандыруу фондуна төлөмдөр болушу керек эле. Бүт каражатты жеке, үй-бүлөлүк керектөөсүнө жумшап отурат. А биз көрүп турушубуз керек да".

"Өнүктүрүү саясаты институту" уюму Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын өкмөттүк бюджетке салган каражаты, тармактарды колдоого берген акчаларды эсептеп, өз анализин жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы азырынча жарыялана элек, бирок алдын ала маалыматтарга ылайык, Салык кызматына уюмдардан түшкөн каражат миллиондоп саналат. Андан тышкары саламаттык сактоо, билим берүү, балдар жана аялдарды коргоо, адам укуктары, ишкерликти өнүктүрүү, айыл жергесинде жумуш орундарын түзүү боюнча алгылыктуу иштерди аткарып келет.

Бейөкмөт уюмдардын тизмеси Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтында турат. Анда 2 739 уюм катталып, алар жыл сайын салык төлөмдөрү тууралуу отчётторду калтырбай тапшырып турары көрсөтүлгөн. Жалпыга маалымдоо каражаттарына даттанууларды териштирүү боюнча комиссиянын төрайымы Тамара Валиева бейөкмөт уюмдар жөнүндө билдирүүлөр көбүрөөк коомду жазгырууга багытталган деген пикирде:

Тамара Валиева
Тамара Валиева

"Башкалардан айырмаланып, бейөкмөт уюмдар отчёттун түрлөрүн беришет. Бул ачыктан ачык эле элди манипуляциялоого жатат. Ал тезирээк "чет элдик өкүл" тууралуу мыйзамды кабыл алып, ишке киргизүү үчүн ушундай кадамдарга барып жатышы толук ыктымал. Бирок, чынында баары ачык, бардык маалымат ар бир уюмдун баракчаларында жарыяланып турат. Адатта мамлекет жарандык коомдун колу жетип, ал чечип жаткан маселелерге көңүл бурбайт. Ошол эле социалдык маселелерге өкмөттүк бюджеттен эң аз акча бөлүнөт. Бул тармакты бейөкмөт уюмдар колго алып, ийгилик жарата алды, муну моюнга алыш керек. Эгер эртеңки күнү мындай мекемелер жабылып кала турган болсо, жүз миңдеген адамдар көмөкчүсүз, колдоочусуз калат. Президенттин жанында тыңгылыктуу кеңешчинин жоктугу өкүндүрөт. Андай эле отчёттор берилбейт деп ишенип турса, Салык кызматынын өкүлүн өзүнө чакырып алып, толук маалымат алсын. Мындай маалыматтар ачык булактардын баарында бар".

Ноябрь айында Евробиримдик Кыргызстанга "Чет элдик өкүл" жөнүндө мыйзам өлкөнүн экономикасына кесепетин тийгизерин дагы бир жолу эскерткен.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев азыркы күндө бейөкмөт уюмдар түшкөн каражат тууралуу толук отчёт тапшырбайт деген пикирде. Ошондуктан ачык-айкындуулук болушун мыйзам менен тескөө зарыл деп эсептейт:

"Бир дагы бейөкмөт ушул убакка чейин канча каражатты кайсы жерге

Чолпонбек Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

жумшаганы тууралуу отчёт тапшыра элек. Ал эми сырттан келген акчанын көлөмү канча болгону банктан эле белгилүү болот. Бул жерде маселе түшкөн каражаттын сарпталышында. Бул мыйзам көп жылдардан бери көтөрүлүп келатат. Эмне себептен алар жашырат? Маселе ушунда болуп жатпайбы. Эгер аларда арам иштер, жашыра турган маселелер болбосо, ошол эле уюмдардын жетекчилери ачыктыкка макул болмок. Азыр алар, тескерисинче чырылдап, "көзөмөлдөп атат бизди" дей башташты. Мамлекет алардын акчасын контролдоп, бизге бер деген жери жок да, болгону отчёт бер деп атат. Балким, өз кызыкчылыгына колдонуп коюп жатышат, же мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген иштерге жумшап коюшу мүмкүн. Жашырганга, коркконго себептери бар да, болбосо эмнеге жашырат? Ошол эле мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер киреше-чыгашасын так жана анык көрсөтүп атышпайбы".

"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова сунуштаган. Демилгечи топтогу айрым депутаттар авторлуктан баш тартып, бул документ ашыкча чектөөлөргө алып келерин моюнга алышкан эле. Мыйзам долбоорлору комитеттин кароосунан өткөн. Ошол убакта 120 уюм парламенттеги комитет төрагасына кайрылуу жолдоп, бул мыйзам кабыл алынса, жарандардын эркиндиги менен укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин эскерткен. Ноябрда Евробиримдик Кыргызстанга "Чет элдик өкүл" жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу өлкөнүн экономикасына кесепетин тийгизерин дагы бир жолу эскерткен.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда “Чет элдик өкүл” деп таанылган уюмдардан кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

"Чет элдик өкүл": Ар бир жаранга кооптуу мыйзам
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:24 0:00


Юрист Татуубүбү Эргешбаева аталган мыйзам долбоору кабыл алынып калса, анын кесепеттери кандай болорун талдап чыккан.

Таттуубүбү Эргешбаева
Таттуубүбү Эргешбаева

"Мыйзам долбоорун кароодо эл аралык стандарттарды жана өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы позициясын эске алуу өтө маанилүү. Кыргызстан демократиялык укуктук мамлекет жана эл аралык уюмдардын жигердүү катышуучусу катары эл аралык укукта бекемделген биригүү эркиндигинин жана адам укуктарынын принциптерин сактоого милдеттүү. Уюмдардын ишмердигин чектеген мыйзамдык демилгелердин кабыл алынышы Кыргызстандын тышкы саясий имиджине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Мындай кадамдар өлкөнүн демократиялык баалуулуктарга жана адам укуктарына берилгендигине шек жаратышы мүмкүн", - дейт Т.Эргешбаева.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө катталган 30 миңдин тегерегиндеги бейөкмөт уюм бар экенин мыйзам долбоорунун авторлору парламентте айткан. Алардын ичинен активдүү иш алып баргандары болгону 400дүн тегерегинде.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG