Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү мыйзамына кол койду


Кыргызстандын азыркы туусу (солдо) жана желектин жаңы варианты (оңдо).
Кыргызстандын азыркы туусу (солдо) жана желектин жаңы варианты (оңдо).

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. "Мыйзам өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бирин – тууну жакшыртуу максатында кабыл алынганы" президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта белгиленген.

"Кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн", - деп жазылган.

Мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Ал эми автотранспорт каражаттарынын номердик белгилери жана мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрүлгөн транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин колдонулары мыйзамда белгиленген.

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алган.

Кыргызстанда эң кызуу талкууланган маселе экенине карабай, сессияда депутат Нуржигит Кадырбековдон башка эч ким сөз сүйлөгөн жок. Беш депутат "каршы" добуш беришти.

Желекке өзгөртүү киргизүү идеясы президент Садыр Жапаровго таандык экенин ал өзү Элдик курултайда айткан. Социалдык тармактын колдонуучулары желекти өзгөртүү каршы экенин билдирип, флешмоб өткөрүп жатышат. Коомчулукта парламентке жана президентке тууну өзгөртпөө чакырыктары да айтылды.

Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алды.
Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки жылы - 1992-жылдын 3-мартында легендарлуу парламенттин токтому менен бекитилген. (КЕ)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG