Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:09

Алматыда автобус сүзгөн үч киши каза болду, төртөө жараат алды


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Казакстандын Алматы шаарында кеминде үч адамдын өмүрү кыйылган автокырсыктын чоо-жайы териштирилип жатат. Кырсык бүгүн 22-декабрда кечке жуук болгон.

Жол боюнда турган адамдарды сүзгөн автобустун айдоочусуна кол көтөргөн кишиге “Ээнбаштык” жана “Транспорттун коопсуз ишин камсыз кылуучу эреженин эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген бузулушу” деген беренелер боюнча иш козголуп, ал полициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Полициянын маалыматына караганда, жолдо кетип бараткан автобустун жүргүнчүлөрүнүн бири (эркек киши) айдоочу аял менен жол киренин айынан уруша кетип, чаап жибергенде ал эсин жоготуп, автобусту башкара албай калган. Натыйжада катуу ылдамдыкта бараткан автобус адамдарды сүзүп, бир нече машинаны коюп кеткен.

Каза болгон үч адамдан тышкары төрт адам жараат алганы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG