Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:14

Абдувапов көмүскө экономиканын үлүшү 30% чейин жетерин айтты


Алтынбек Абдувапов.
Алтынбек Абдувапов.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 30% чейин жетерин билдирди.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 26-декабрдагы жыйынында депутат Алишер Эрбаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Депутат өлкөдө ар кайсы мамлекеттик мекемелердин көмүскө экономиканын үлүшү боюнча статистикасы ар башка экенин билдирди.

“Экономика министрлигинин баяндамасында 70%, Акылбек Үсөнбекович 35-40% дейт. Улуттук статистика комитети 27% деп жатат”, - деди Алишер Эрбаев.

Былтыр Мамлекеттик салык кызматы 2023-2025-жылдардагы өнүктүрүүнүн стратегиясын бекиткен. Анда жаңы стратегия салыктарды чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуу жана адилеттүү салык системасын түзүүгө багытталганы айтылган.

Буга чейинки ар кандай изилдөөлөрдө Кыргызстанда көмүскө экономика 40-50% түзөрү айтылып келген.

Мамлекеттик органдарга ишмердиги тууралуу маалыматы түшпөгөн товарларды алып-сатуу жана кызмат көрсөтүүлөр көмүскө экономика деп аталат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG