Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:30

Казакстанда мунай кениндеги өрт дээрлик жети айдан кийин өчүрүлдү


Казакстан. Buzachi oil ишканасынын архивдик сүрөтү.
Казакстан. Buzachi oil ишканасынын архивдик сүрөтү.

Казакстанда Маңгыстау облусундагы Каратурун мунай кенинде дээрлик жети айдан бери уланып жаткан өрт өчүрүлгөнүн Buzachi oil компаниясы билдирди. Ишкананын жана Казакстандын Отун-энергетика комплексинин кырдаалды анализдөө борборунун 25-декабрдагы маалыматына караганда, өрт 9-июнда тутангандан бери өчпөй жаткан.

Бургулоочу жабдык сыртка чыкканда газ менен суунун аралашмасы атырылып, скважиналардын биринен газ сыртка чачырап чыга баштаган. Эксперттер өрткө өндүрүштү тейлөөчү ишкананын катачылыгы себеп болгонун маалымдашкан жана түзүлгөн кырдаалга «эң жогорку коркунучтагы» деген даража ыйгарышкан.

Кенди иштеткен мунай компаниясы облустук администрация менен келишим түзүп, бир нече аймакта социалдык долбоорлорду ишке ашырууга 50 миллион теңге бөлүп берүүгө милдеттенме алды.

Өрт кырсыгынын кесепеттерин толук жоюу иштери жыл аягына чейин бүткөрүлөрү кабарланды.

Мунай өнөр жайы Казакстандын экономикасынын эң маанилүү тармактарынын бири. Мунай казып алуу менен жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвестициялык ишканалар алектенишет. Алар казып алган мунайдын жылдык көлөмү он миллиондогон тоннага жетет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG