Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:57

Таласта жергиликтүү депутат опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды


УКМК тараткан сүрөт. 25-декабрь, 2023-жыл
УКМК тараткан сүрөт. 25-декабрь, 2023-жыл

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаты Ч. Т. Ж. ишкерден 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылууга шек саналып кармалганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү Кылмыш кодексинин 208-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 25-декабрда Бишкек шаарында 1 млн сом акча алып жаткан жеринен кармалды.

Маалыматка ылайык, декабрь айынын башында Ч.Т.Ж. коркутуп-үркүтүү менен, Талас районунун Бекмолдо айылына түтүктөрдү төшөө үчүн тендерден утуп алган ишкерден 4 миллион 200 миң сом талап кылган. Бул сумма тендердин жалпы 67 млн сом өлчөмүндөгү суммасынын 6 пайызы.

"Болбосо ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуп, курулуш иштерин жүргүзүүдө ар кандай тоскоолдуктарды уюштурууну убада кылган", деп билдирди Коопсуздук кызматы.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда бул окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатканы кабарланды. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG