Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:27

Евробиримдик Сербияны тынчтыкка жана диалогго чакырды


Белград. 2023-жылдын 25-декабры.
Белград. 2023-жылдын 25-декабры.

Европа Биримдиги Сербияда кезексиз шайлоодон кийин башталган нааразылык акцияларына байланыштуу билдирүү таратты. 26-декабрда жарыяланган билдирүүдө жарандардын тынч демократиялык жыйын өткөрүү укугу дайым сыйланышы керектиги, күч колдонуу маселени чече турган ыкма эмес экени белгиленди.

«Полициянын мамилеси адекваттуу болушу зарыл, ал эми негизги укуктар мыйзам үстөмдүгүнүн негизинде сыйланышы керек. Евробиримдик тынчтыкка жана диалогго чакырат», — деп айтылды билдирүүдө.

Сербияда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган оппозициянын тарапкерлери, активисттер, студенттер катышкан кезектеги нааразылык акциясы тынч өттү. 25-декабрда өткөн акция Республикалык шайлоо комиссиясынын алдынан башталып, борбор калаа Белграддын полициясынын имаратынын жанынан жыйынтыкталды.

Демонстранттар 24-декабрда кармалган митингчилерди бошотууну талап кылышты, бирок так жооп ала албаганын айтышты.

Кармалгандар студенттер экенин, алар менен эч кандай байланыш жок болуп жатканын жакындары айтууда.

Оппозициялык «Сербия зомбулукка каршы» партиясынын лидери Мирослав Алексич акцияга активдүү катышкан студенттерге ыраазычылыгын билдирди.

17-декабрдаСербияда кезексиз парламенттик шайлоо өткөн. Анда башкаруучу коалицияны жетектеген «Сербиянын прогрессивдүү партиясы» добуштардын эң көбүнө ээ болгону расмий жарыяланган.

Оппозиция өкүлдөрү нааразылыгын билдирип, түрдүү акцияларды уюштурууда. 24-декабрда бийлик "мамлекеттик мекемелерди күч менен басып алуу аракети" болгонун, наарызылык акциялары “алдын ала даярдалганын көрсөткөн” бардык далилдер бардыгын билдирген. Ошол күнү бир нече киши кармалган.

Өлкө президенти Александр Вучич «Сербиянын прогрессивдүү партиясы» шайлоону жеңгенин, күмөн санап жаткандар утулгандар экенин айткан. Бул партия "Александр Вучич – Сербия токтобошу керек" блогундагы негизги күч. Вучич аны 2014-жылдан тартып 2023-жылдын майына чейин жетектеген.

Серб парламентинин депутаттары төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Вучич шайланганына эки жыл боло элек 250 орундуу парламентти быйыл 1-ноябрда тараткан. Буга май айында жалпы 19 кишинин өмүрүн алган, ок атуу коштолгон эки окуядан кийин бийликке басымдын күчөгөнү себеп болгон. 3-майда Белграддагы мектептердин биринде 13 жаштагы окуучу кеминде сегиз классташын атып өлтүргөн. Андан бир күндөн кийин Белграддын түштүгүндөгү айылдардын биринде 21 жаштагы жигит автоунаасынан жергиликтүү тургундарга ок жаадырган. Бул окуялар Вучич баштаган лидерлердин отставкасын талап кылган акцияларга жол ачкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG