Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:46

Абхазия Пицунда эс алуу аймагын Орусияга өткөрүп берүүгө макул болду


Пицунда.
Пицунда.

Өзүн Абхазия Республикасы деп атап алган жикчил аймактын жетекчилиги Пицунда шаарындагы мамлекеттик дачаны Орусиянын менчигине өткөрүп берүүгө макул болду. Тийиштүү документтерге аймактын башчысы Аслан Бжания 27-декабрда кол койду.

Мындай чечимге каршы болуп оппозиция өкүлдөрү бир күн мурда парламент алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар талабы аткарылмайынча тарабай турганын айтышкан жана бийликтин бул аракети Конституцияга каршы келерин белгилешкен. Акция өтүп жаткан жерге полиция кызматкерлери тартылган.

Орусиянын элчиси Михаил Шургалин тийиштүү келишимдин ратификацияланышы Орусияга аталган мамлекеттик дачанын жерин 49 жылга ижарага алууга жол ачарын, ал эми имараттар орус бийлигинин карамагына өтөрүн, аларды оңдоп-түзөп, карап туруу милдетин Орусия өзүнө аларын айткан.

Ошондой эле ал Пицунда дачасы «Орусиянын президенти Владимир Путин менен ассоциацияланарын», себеби ошол жакта анын бир нече жолугушуусу өткөнүн белгилеген.

Кара деңиздеги Пицунда тумшугунда мамлекеттик дачалар комплекси 1958-1961-жылдары курулган. 180 гектар жерди ээлеген эс алуу жайын Орусия 1995-жылдан бери ижара негизинде пайдаланып келет. Аны Орусиянын менчигине өткөрүп берүү тууралуу келишим 2022-жылы кабыл алынган.

2008-жылы августта Орусия эгемен Грузияга кол салып, анын эки аймагын каратып алган (БУУ жана дүйнөнүн басымдуу көпчүлүк өлкөлөрү азыркы тапта да Абхазия менен Түштүк Осетияны Грузиянын бөлүгү катары санашат). (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG