Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:17

Газанын согуштан кийинки келечеги кандай болот?


Бомбалоолордон жакындарын жоготкон палестиндер. Хан-Юнис шаары. 26-декабрь, 2023-жыл.
Бомбалоолордон жакындарын жоготкон палестиндер. Хан-Юнис шаары. 26-декабрь, 2023-жыл.

Газа тилкесинде Израил армиясы менен АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС уюмунун ортосундагы айыгышкан салгылаш уланууда. Ал арада согуш аяктагандан кийинки Газа тилкесинин келечеги кандай болору көптөрдү түйшөлтүүдө. Палестин автономиясынын бийлиги анклавды өз көзөмөлүнө алууга даяр экенин айтып жатат. Египет бул боюнча үч баскычтан турган өз планын сунуштады.

Газада айыгышкан салгылаш уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00

“Согуш бир нече айга созулат

Израил Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Газа тилкесиндеги согуш дагы «көп айга созулушу» мүмкүн экенин эскертти.

Бул согуштун тийиштүү, оңой эмес максаттары бар жана ал татаал аймакта жүрүп жатат. Ошондуктан согуш бир топ айларга созулушу мүмкүн”, - деген Герци Халеви террордук уюмду бир гана чечкиндүү жана туруктуу кармаштар аркылуу жок кылса болорун кошумчалады.

Ал эми Израилдин Каржы министрлиги Газадагы согуштук аракеттер 2024-жылдын февралына чейин уланарын боолгоп жатат. Бул тууралуу мыйзам чыгаруучулар алдында жасаган билдирүүсүндө мекеменин өкүлү Итай Темкин билдирди. Анын эсебинде бул үчүн кийинки жылы Израил өкмөтүнөн 14 миллиард доллар сарпталат.

Жөөт армиясынын Газадагы аскердик операциясын башташына 7-октябрдагы ХАМАСтын чабуулу түрткү болгон. Анда согушкерлер Израилге кирип барып, 1200дөй кишини жок кылып, 240тай адамды барымтага алган.

ХАМАС радикал уюму көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, ушул күнгө чейин жөөт армиясынын бомбалоосунан 21 миңден көп кишинин өмүрү кыйылды. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Газадагы гуманитардык апаат коркунучунан улам эл аралык уюмдар аймакта ок атышууну дароо токтотуу чакырыктарын күчөтүштү.

Израил армиясынын башчысы Герци Халеви Хан-Юнистеги жөөт жоокерлери менен жолугуп жатат. 23-декабрь, 2023-жыл.
Израил армиясынын башчысы Герци Халеви Хан-Юнистеги жөөт жоокерлери менен жолугуп жатат. 23-декабрь, 2023-жыл.

“Канга боелгон Газанын ооруканалары

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарындагы Гуманитардык операциялар боюнча биргелешкен борбордо жасаган билдирүүсүндө Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун координатору Шон Кейси аймактагы ооруканалар канга боелгонун айтты.

Ал Магази качкындар лагерине жасалган жөөт армиясынын соккусунан кийин Аль-Акса ооруканасына жарым сааттын ичинде эле олуттуу жараат алган жүздөй бейтап жана жүздөй кишинин сөөгү түшкөнүн өз көзү менен көргөнүн кошумчалады. Израил бийлиги Газадагы карапайым тургундарга азыраак залака келтирүүгө аракет кылып жатканын айтып, калкты тирүү калкан катары колдонуп жатат деп ХАМАСты айыптоодо.

АКШ сыяктуу Израилдин өнөктөштөрү дагы Газа тилкесиндеги жөөт армиясынын “туш келди бомбалоолорун” сынга алып, Тель-Авивди карапайым палестиндердин арасындагы жоготууларды азайтуу үчүн чара көрүүгө чакырып жатышат.

Газа тилкесиндеги бомбалоолордон набыт болгон бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөктөрүн курчап турган палестиндер. 22-декабрь, 2023-жыл.
Газа тилкесиндеги бомбалоолордон набыт болгон бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөктөрүн курчап турган палестиндер. 22-декабрь, 2023-жыл.

Газа тилкесинин согуштан кийинки тагдыры

Ушул тапта жаңжалга чейин 2,2 миллиондой калкы бар анклавдын согуштан кийинки тагдыры кандай болот деген суроо көптөрдү түйшөлтүүдө. АКШ президенти Жо Байден Палестин автономиясынын жаңыланган бийлиги Газа тилкесин өз көзөмөлүнө алуусун кааларын билдирди.

Сурамжылоолорго ылайык, палестиндердин 80-90% палестин автономиясынын азыркы бийлигин, өзгөчө анын лидери Махмуд Аббасты анча жактырышпайт. Аны коорупциялашкан жана натыйжасыз деп эсептешет.

Египет жакында эле үч баскычтан турган элдешүү жараянын сунуштады. Ага радикал уюмдун барымтасындагы израилдик туткундарды бошотуу, эки жумага ок атышууну токтотуу, шайлоо өткөрүү үчүн техникалык өкмөт түзүү, Израил түрмөлөрүндөгү палестиндерди бошотуу жана Газа тилкесиндеги жөөт армиясын чыгарып кетүү камтылган.

Египет сунуштаган планга ХАМАС радикал уюмун жок кылуу сыяктуу пункт киргизилген эмес. Ал эми Израилдин өкмөтү алардын башкы максаты аталган кыймылды түп-тамырынан жоготуу экенин кайталоодо.

Израилдин өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху Газа тилкесинин келечегинде ХАМАС дагы, Палестин автономиясынын бийлиги да эч кандай роль ойнобостугун билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG