Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:16

“Эмарк Групп” компаниясынын жетекчиси тергөө абагынан чыкты


Чолпонбек Акматов.
Чолпонбек Акматов.

“Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматовдун бөгөт чарасы эч жакка чыкпоого алмаштырылып тергөө абагынан бошотулду. Мындай токтомду Октябрь райондук соту 27-декабрда чыгарганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы 29-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүсү берген. Чолпонбек Акматов 12-октябрда кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу” беренеси менен айып тагылган.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөндөн кийин чоң-чоң курулуш компанияларынын ээлери камалган.

Алардын ичинде “Элитхаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев, “Авангард Стиль” ишканасынын директору Эрнис Миңкеев, “KG Групп” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов бар.

Эрнис Миңкеев ноябрда туруктуу жашаган жеринен башка жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотулса, декабрда “KG Групп” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов үй камагына чыккан. Тимур Файзиев камакта жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG