Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Афтандил Жоробековдун апасы бийликке кайрылды


Афтандил Жоробеков/
Афтандил Жоробеков/

Жарандык активист Афтандил Жоробековдун апасы Бегайым Аккулова уулун бошотуу талабы менен бийликке кайрылды. Анын видеокайрылуусу социалдык тармактардагы баракчасына жайгаштырылган.

Бегайым Аккулова өз кайрылуусунда уулу айрым мамлекеттик чиновниктер сыяктуу бюджетке колун салып, тендерлер аркылуу жеп-ичпеген, таза жаран экенин айткан.

“Менин уулумду ушул жылдын 7-декабрында “сен туунун өзгөрүшүнө каршы мыйзамсыз акция өткөрүп жатасың” деп камап коюшту. Бирок, Афтандил мыйзам талаасында уруксат берилген Горький сейил багында тынч чогулуштарды өткөрүүгө уруксат сурап, мэрияга кат жөнөтпөдү беле? Ошол уруксаттар кайда кетти? Ошол күнү Афтандилди 24 саатка камап коюшуп, андан кийин үйгө органдын адамдары келип аябай чоң тинтүү жүргүзүшкөн. Анын үй оокаттарына тиешелүү бүт электрондук буюмдарын – ноутбук, компьютер, уюлдук телефондорун жана карталарын – өзүнө тешелүү бүт документ-кагаздарын алып барышып, чоң сумманы чыгарышып, баламды чоң кылмышкер катары көрсөтүүгө аракет кылышты. Бул уят да! Мынчалыкка барбашыңар керек эле. Азыр Кыргызстанда канчалаган кылмышкерлер жашап жатышпайбы? Мыйзамсыз тендерлерди өткөзүп, акчаны уурдашып, жерлерди сатып, үйлөрдү куруп канчалаган чиновниктер ээн-эркин сайрандап жүрүшпөйбү? А менин уулум тендерге катыштыбы, жер саттыбы? Мыйзамсыз кандай иштерди кылды? Мамлекетке зыян келтирдиби? Мамлекетке бир тыйын зыян да келтиирген жок, эч кандай күнөөсү жок балам азыр камалып отурат”, - дейт Бегайым Аккулова.

Ал Афтандил Жоробеков өңдүү чет өлкөлөрдөн билимин өркүндөтүп келген жаштарга мамлекет запкы көрсөтпөй, тескерисинче, колдоого алышы керектигин белгилеген.

Жарандык активист Афтандил Жоробеков бийликтин Кыргызстандын туусун өзгөртүү демлигесине каршы туруу үчүн 2-декабрда автожүрүш өткөрүүгө аракет кылган. Бирок, укук коргоо органдары жүрүштү өткөрүүгө тоскоолдук жаратып, активистти суракка алышкан. Мындан тышкары, 9-декабрда Бишкектеги Горький паркында тынчтык митингин өткөрүүгө камынып жатканын да билдирип келген. Анын алдынан, 7-декабрда күч органдары аны кармап, “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту жарандык активистти эки айга камакка алуу токтомун чыгарган.

Жергиликтүү укук когоочулар жана Human Rights Watch өңдүү эл аралык уюмдар Афтандил Жоробековго каршы кылмыш ишин козгоо анын сөз эркиндиги жана тынчтык чогулуштарын өткөрүү жаатындагы укуктарын одоно бузуп жатканын билдирип келет.

Кыргызстанда туу коомчулуктун катуу каршылыгына карабай өзгөртүлдү. 20-декабрда Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" мыйзамды кабыл алган. 22-декабрда президент Садыр Жапаров мыйзамга кол коюп, ал 26-декабрда "Эркин Тоо" гезитине жарыялангандан тарта күчүнө кирди.

XS
SM
MD
LG