Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:31

Кыргызстан ооган элине 135 тонна гумжардам жеткирди


Ооганстандын элине гуманитардык жардам жетикрүү учуру.
Ооганстандын элине гуманитардык жардам жетикрүү учуру.

Ооганстанга дарыгерлердин тобу, дары-дармек, тамак-аш, кийим-кече жана биринчи керектелүүчү товарлар жөнөтүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) биргелешип төрт гуманитардык акция өткөргөн.

УКМК таркаткан маалыматка ылайык, жалпысынан Ооганстанга, анын ичинде Герат провинциясынын жер титирөөдөн жабыркаган тургундарына дээрлик 135 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.

“2023-жылы Ооганстанда болгон табигый кырсыктардан улам бул өлкөнүн калкы оор социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү башынан өткөрдү жана гуманитардык катастрофанын босогосунда турат, ошондуктан ал тышкы финансылык жана экономикалык жардамга жана бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун колдоосуна муктаж. Ооганстандагы кырдаалдын курчушуна жол бербөөнүн жана эл аралык коомчулуктун кайдыгерлигинен эл аралык террористтик уюмдардын ордосуна айландырбоонун маанилүүлүгүн түшүнүү менен Кыргызстан ооган элине реалдуу жардам көрсөтүү, аларга ар тараптуу жардам берүү, экономиканы жана коомдук-саясий абалды турукташтыруу үчүн керектүү азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча конкреттүү кадамдарды жасап жатат”, - деп жазылган атайын кызматтын маалыматында.

2023-жылдын 20-сентябрында президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында сүйлөп жатып, ооган элине ар тараптуу гуманитардык жардам көрсөтүү чакырыгы менен эл аралык коомчулукка кайрылуу жасаган.

2021-жылдын август айында Ооганстандын бийлигин “Талибан” радикалдык кыймылы басып алган. Кыймыл дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да, тыюу салынган уюмдардын тизмесинде. Ага карабай, кыргыз бийлиги Ооганстандын расмий бийлиги катары алар менен алака түзүп келет. Жакында Казакстандын бийлиги “Талибанды” тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарган чечим кабыл алганы белгилүү болду. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG