Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:08

Акын Сүйөркул Тургунбаевдин сөөгү "Ала-Арчага" коюлду


Кыргыз Республикасынын эл акыны Сүйөркул Тургунбаев менен коштошуу зыйнаты. 31-декабрь, 2023.
Кыргыз Республикасынын эл акыны Сүйөркул Тургунбаев менен коштошуу зыйнаты. 31-декабрь, 2023.

Бүгүн, 31-декабрда Кыргыз Республикасынын эл акыны Сүйөркул Тургунбаевдин сөөгү жерге берилди. Акын менен коштошуу зыйнатына өкмөттүн өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана жакындары катышты.

Сүйөркул Тургунбаев 29-декабрда 84 жашында узакка созулган оорудан дүйнө салган. Анын сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

"Кечки троллейбус", "Замандаштын дүйнөсү", "Жарыктын ыры", "Эки аска" өңдүү ондогон китептердин автору Тургунбаев 1940-жылы Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында туулган.

1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөндөн кийин эмгек жолун 1964-жылы Алай районундагы мектепте орус тили, адабияты жана чет тили саба-гынан мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1966-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1970–1984-жылдары «Кыргызстан маданияты» гезитинде бөлүм башчы, 1986–1988-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында сын боюнча адабий кеңешчи болуп иштеген.

Анын алгачкы ыр жыйнагы «Бизде баары сүйлөйт» деген ат менен 1966-жылы басылып чыккан. Ал В.Маяковскийдин, М.Ю.Лермонтовдун, И.Чавчавадзенин, Я.Шивазанын ырларын, моңгол элдик поэзиясын ж.б. кыргызчага которгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG