Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:32

Арстан Алайдын жакындары укук коргоо органдарына арыз жазат


Арстан Алай.
Арстан Алай.

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде каза болгон Арстанбек Абдылдаевдин адвокаты Кайсын Абакиров маркумдун жакындары анын иши боюнча күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу талабы менен укук коргоо органдарына арыз жазарын билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” 5-январда айтты.

“Арстанбек Абдылдаевдин туугандары кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча арыз берет. Себеби, шек саналып камакта жаткан адамды Жаза аткаруу кызматынын бир мекемесинен экинчи мекемеге которуу мыйзамда так көрсөтүлгөн. “Камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамда чектөөлөр жана шектүү кайсы учурда башка абакка которулары жазылган”, - деди Кайсын Абакиров.

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев 5-январда Жаза аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде каза болгону белгилүү болду.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, Арстанбек Абдылдаев психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28 - декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген. 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган.

16-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Арстанбек Абдылдаевди 15-январга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Кайсын Абакиров кийин ал №31 түзөтүү мекемесине которулганы тууралуу эч кандай маалымат берилбегенин билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Арстанбек Абдылдаев “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген. Ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып коюлган. Атайын кызматтын маалыматында ал өзүн “жаңы Кудай” жана “куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди жана ишенимдерди туура эмес экенин айтып, терс баа берип келгени жазылган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө анын жашаган жеринен жана лекция өтүүчү жайынан бир катар адабияттар, китептер, компьютер жана электрондук материалдар алынган.

Арстанбек Абдылдаев 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон. 2020-жылы анын “мен Кудаймын” деген сөзү атайын экспертизага берилгени кабарланган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG