Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Испания Косовонун жарандык паспортун тааный турганын билдирди


Испания мындан ары Косовонун жарандык паспортун тааныйт, бирок аны Сербиядан көз карандысыз мамлекет катары тааныбайт. Бул тууралуу 8-январда Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэл Албарес билдирди.

Расмий Мадрид косоволуктардын паспортун Европа Биримдигинин виза режимин либералдаштыруу боюнча көптөн бери айтылып келген схемасы күчүнө киргендиктен тааный баштады. Жаңы эрежеге ылайык, 1-январдан тартып Косовонун жарандары Шенген зонасында 180 күндүн ичинде 90 күн визасы жок жүрө алышат.

Европа Биримдигине кирген өлкөлөр арасынан жалгыз гана Испания Косовонун эгемендигин таануудан баш тартып келет.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлүн 1999-жылы жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды. Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия тааныган эмес.

Косовонун 1,8 миллиондой калкынын 92 пайызын албандар, алты пайызга жакынын сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуу.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG