Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:58

“Кемпирабадчылар” Асанов ооруканага жаткырылбаса сотко катышпай турганын билдиришти


Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурумдардын бири. Отургучта жаткан Бектур Асанов.
Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурумдардын бири. Отургучта жаткан Бектур Асанов.

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчылар менен активисттер Бектур Асанов дагы деле ооруканага жаткырылбай жатканын кабарлашты.

Бул тууралуу камактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына “кемпирабадчылардын” билдирүүсү чыкты. Анда “Бектур Асанов жакын арада ооруканага чыгарылып операция жасалбаса, камактагылар ачкачылык жарыялап, соттук отурумдан баш тарта турганы” жазылган.

Кемпир-Абадды коргоо комитети буга чейин “абакта Бектур Асановдун башы жарылып, моюн омурткаларына залака кетип ооруну басаңдатуучу дарынын күчү менен жатканын, абалы оор экенин” билдирген. Ушундан улам саясатчы ооруканада дарыланууга муктаж экени айтылган.

Улуттук госпиталдан дарыгери Нарынбек Акматов саясатчы 3-январда ооруканага жаткырылат деп билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 28 кишинин 12и тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин 2023-жылы июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG