Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Биринчи Май райондук соту Ахрор Иминовду кайра камакка алды


Ахрор Иминов. УКМК тараткан сүрөт.
Ахрор Иминов. УКМК тараткан сүрөт.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кайра камалганы белгилүү болду. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады. Мекеменин билдирүүсүндө, райондук сот мындай чечимди 2023-жылы 30-декабрда чыгарган.

Анын эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасын өзгөртүп, 4-февралга чейин камакка алуу өтүнүчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берип, сот аны канааттандырган.

УКМК Ахрор Иминовду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылап келген деген шек менен 2023-жылы 11-октябрда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен айып тагылган.

Атайын кызмат ал жүк ташыган бир катар компаниялардын ишине кийлигишип, алардын кирешесинин болжол менен 30% кылмыштуу топтордун орток кассасына чогултууга катышып жүргөнүн билдирген.

Былтыр 16-ноябрда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Биринчи Май райондук соту Ахрор Иминовду сыртка чыкпоо жөнүндө тилкат менен камактан бошоткон.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG