Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:09

Түштүк Кореяда итти эт үчүн багууга тыюу салган мыйзам колдоо тапты


Мыйзам долбоорун президент Юн Сок Ёль сунуштаган.
Мыйзам долбоорун президент Юн Сок Ёль сунуштаган.

Түштүк Кореянын парламенти итти эт үчүн багууга тыюу салган мыйзамды колдоду. Reuters кабарлагандай, документти 208 депутат колдоду, экөө добуш берүүдөн карманды. Эми аны президентке кол коюуга жөнөтүшөт.

Мыйзамды өлкө президенти Юн Сок Ёль өзү сунуштаган. Жаңы эрежеге ылайык, тыюуга карабай ит багып, этке колдонгон кишилер үч жылга эркинен ажыратылат жана жалпы суммасы 23 миң долларга жакын айыппул төлөөгө милдеттүү болот.

Бирок иттин этин жегенге бул өлкөдө азыр тыюу жок.

Ит баккан фермалардын жана ресторандардын ээлерине бизнесин жаап, башка ишмердүүлүккө өтүшүнө өкмөт үч жыдык мөөнөт бермей болду.

Расмий маалымат боюнча, Түштүк Кореяда ит баккан 1100 ферма бар. Анда жарым миллионго жакын ит багылат.

Фермерлер өкмөттүн сунушуна нааразылыгын билдирип, бир нече жолу акцияга чыгышкан, алар бир миллионго жакын киши жумушсуз каларын билдиришкен.

CNN белгилегендей, Түштүк Кореянын көп тургундары соңку кезде иттин этинен баш тарта баштаганы байкалууда. Gallup Korea уюму 2022-жылы сурамжылоо жүргүзгөндө респонденттердин 8% гана иттин этин жей турганын айтып берген. 2015-жылы бул көрсөткүч 27% болчу. 2005-2014-жылдары борбор калаа Сеулда иттин этинен тамак жасаган ресторандардын саны кардар жоктугунан 40% азайган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG