Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:11

Босния жана Герцеговина АКШ менен биргеликте аскердик машыгуу өткөрдү


Машыгуу учурунда тартылган сүрөт.
Машыгуу учурунда тартылган сүрөт.

Босния жана Герцеговинада өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн АКШ армиясынын атайын багыттагы күчтөрү менен биргеликте уюштурулган жер-аба аскердик машыгуулары өттү.

8-январда өткөн машыгууга АКШнын Аскердик-аба күчтөрүнүн F-16 Fighting Falcon бомбалоочу тик учактары катышып, өлкөнүн түндүк аймагындагы Брчко жана Тузла шаарларынын үстүнөн учуп өтүштү. Аларды абадан КС-135 Stratotanker учактары коштоп жүрүштү.

Босниялык сербдердин орусиячыл лидери Милорад Додиктин жикчил саясаты улам күчөп жаткан шартта америкалык аскерлердин бул машыгууга катышуусу АКШнын Босния жана Герцеговина өлкөсүнүн бүтүндүгүнө көрсөткөн колдоосу, Батыш Балкан аймагында тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоого тилектештик катары бааланууда.

Босния жана Герцеговина – Европадагы эң кедей өлкөлөрдүн бири, калкынын жарымын босниялык мусулмандар, үчтөн бирин сербдер, 15% хорваттар түзөт. Өлкө 1992-жылы мурдагы Югославиядан бөлүнүп, өз алдынча эгемендик алган мамлекет. Андан кийин аймакта тутанган согуштун жүрүшүндө мамлекеттин ичинде Серб Республикасы түзүлгөн. Мындан сырткары өлкөнүн Брчко деген округу эл аралык башкарууда турат.

Токсонунчу жылдардын башында мурдагы Югославиянын курамына кирген өлкөлөрдөгү улут аралык куралдуу жаңжал 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен, миллиондогонун үй-жайсыз калтырган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG