Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:15

Депутаттык комиссия: Жамгырчиев Салим Абдувалиевге жолугуу үчүн Өзбекстанга мыйзамсыз өткөн


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев 2022-жылы “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевге жолугуп, колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн.

Бул тууралуу 10-январда Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев Жогорку Кеңеште комиссиянын корутундусун окуп жатып билдирди.

“Эмил Жамгырчиев жогорку саясий мамлекеттик кызмат адамы болуп туруп Орто Азияда белгилүү болгон Салим Абдувалиевден колдоо издөө максатында аны менен жашыруун жолугушуу үчүн 2022-жылдын декабрь айында Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Өзбекстандын Ташкент шаарына барган. Аталган жолугушуудан кийин Жамгырчиев чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысын жашыруу үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте чек арадан өтпөстөн болжол менен 2022-жылдын 16-декабрында Өзбекстандын аймагынан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүп Бишкекке келген”, - деди ал.

Алишер Эрбаев чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча Эмил Жамгырчиевге Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы да кылмыш ишин козгогонун айтты.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылганын билдирген. Аны жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же баш тартуу жана козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. “Азаттыкка” парламенттеги ишенимдүү булактар билдиргендей, ушул эле күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүлөрү депутатка суракка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылышкан. Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, чыгып кеткен. Азыр каякта экени белгисиз.

“Азаттыктын” кабарчылары депутаттын өзү менен байланышууга бир нече жолу аракет кылды.

Парламенттин 10-январдагы жыйынына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев келди.

Өзбекстанда 74 жаштагы Салим Абдувалиевдин кармалганы былтыр декабрдын башында маалым болгон.

Ал 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган. Ар кандай маалыматтарда анын чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылат. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG