Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:41

Ташиев депутат Жамгырчиев камалбай турганын айтты


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев камакка алынбай турганын, иши сотко өткөндөн кийин актыгын далилдеши керек экенин билдирди.

Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси 10-январда Жогорку Кеңеште Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жаткан жыйында айтты.

“Чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюлган Кыргызстандын бир да жаранын камабайбыз. Камаган да эмеспиз. Эмил Жамгырчиевге айтып койгула. Камалбайт. Келсин да сотто жооп берсин. Тергөөгө бүгүн эле келсин. Кармабайбыз, камабайбыз. Биз Эмил Жамгырчиевди издеген жокпуз. Аны издей турганга негиз да жок”, - деди Ташиев.

Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев Эмил Жамгырчиев 2022-жылы “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевге жолугуп, колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөнүн айтты.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылганын билдирген. Аны жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же баш тартуу жана козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. “Азаттыкка” парламенттеги ишенимдүү булактар билдиргендей, ушул эле күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүлөрү депутатка суракка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылышкан. Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, чыгып кеткен. Азыр каякта экени белгисиз.

“Азаттыктын” кабарчылары депутаттын өзү менен байланышууга бир нече жолу аракет кылды. Эмил Жамгырчиев 10-январда парламенттин да жыйынына келген жок.

Өзбекстанда 74 жаштагы Салим Абдувалиевдин кармалганы былтыр декабрдын башында маалым болгон.

Ал 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган. Ар кандай маалыматтарда анын чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылат. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG