Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:10

Кара деңизди минадан тазалоо макулдашуусу кабыл алынууда


Согуш башталгандан бери Кара деңизде 90го жакын мина табылган.
Согуш башталгандан бери Кара деңизде 90го жакын мина табылган.

Дээрлик жарым жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин бүгүн 11-январда Румыния, Болгария жана Түркия Кара деңиздеги өз тилкелерин минадан тазалоо тууралуу макулдашууга кол коюп жатышат. Бул миссияга аталган өлкөлөрдүн НАТО боюнча башка союздаштары да катыша алышары кабарланды.

Минадан тазалоо деңиздеги кеме кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда олуттуу мааниге ээ.

Советтер Союзу ураган 1991-жылдан бери мындай макулдашуу алгачкы жолу кабыл алынууда. Үч жылга эсептелип жаткан документке Түркиянын Стамбул шаарында аталган үч өлкөнүн коргоо министрлери кол коюшат.

Миссияга минадан тазалоочу кемелер, патрулдук кемелер, тик учактар, дрондор тартылат.

Былтыркы жылдын экинчи жарымында Кара денизде сүзүп бараткан айрым кемелер минага туш болгон, Румыниянын жана Болгариянын жээгинде да миналар табылган. Соңку окуя 27-декабрда болгон. Дунайдагы украиналык портко жөнөп бараткан жүк ташуучу кеме минага жарылып, ичинде өрт чыккан, эки адам жараат алган.

Түркиянын коргоо министри Яшар Гюлер 16-декабрда «Орус-украин согушунун айынан Украинанын да, Орусиянын да портторуна мина коюлган. Суунун агымы менен алар биздин аймакка да жетүүдө", - деп белгилеген.

Согуш башталгандан бери Кара деңизде сууда калкып жүргөн 90 мина жок кылынган, алардын көбүн украиналык, бешөөнү румыниялык аскерлер аныкташкан.

Минадан тазалоо тууралуу макулдашуу биринчи кезекте Украинага зарыл. Орусия 2023-жылдын июль айында «дан келишиминен» чыгып кеткенден кийин украин бийлиги сыртка дан экспорттоо жолдорун кайра карап чыгууга мажбур болгон. Өндүргөн дан продукциясын сыртка сатуу үчүн ташып баратканда Орусиянын чабуулунан коргонуш үчүн расмий Киев Бухарест, София жана Анкара менен узагыраак, бирок коопсуз жол тандаган. (RK)

XS
SM
MD
LG