Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:10

Европарламентте Борбор Азия боюнча резолюция добушка коюлат


Страсбург. Европарламенттин жыйындары өтүүчү жер.
Страсбург. Европарламенттин жыйындары өтүүчү жер.

17-январда Страсбург шаарында Европа парламентинин быйылкы жылдагы алгачкы сессиясында Борбор Азия боюнча резолюциясына добуш берүү болот. Резолюцияда аталган аймактагы «бийлик башындагы авторитардык режимдерге адам укугу жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин сактоо чакырыгы камтылат».

Ошону менен катар «адам укуктарынын бузулушу көпчүлүк учурда жазасыз калып жатканына байланыштуу тынчсыздануу, кыйноолор жана башка укук бузуулар тууралуу арыздарды көз каранды эмес жана дыкат иликтөө чакырыгы айтылат. Журналисттер, блогерлер, укук коргоочулар, жарандык активисттер «экстремизм», «жалган маалымат таратуу», «кастыкты козутуу» деген айыптар тагылып, куугунтукка кабылып жатканы белгиленет.

Европарламент бул документ менен Борбор Азиядагы бардык беш мамлекеттин бийлигин камакта жаткан «саясий туткундарды» бошотууга үндөйт.

Резолюциянын демократияга жана адам укуктарына арналган бөлүгүндө Евробиримдиктин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү делегацияларына жер-жерлерде кырдаалга активдүү байкоо салуу, сот процесстерине катышуу, укук коргоочулар менен иштешүү, саясий куугунтук тууралуу билдирүүлөргө көңүл буруу жана саясий туткундар менен жолугуп туруу чакырыгы камтылат.

28-ноябрда Европарламенттин тышкы иштер боюнча комитети бул резолюцияны колдоп, Борбор Азия боюнча жалпы стратегияны аймактагы геосаясый өзгөрүүлөрдөн улам жаңылоону сунуш кылган.

Аймактын лидерлери өлкөлөрүн демократиялык, светтик жана укуктук нукта өнүктүрүп жатканын, саясий туткундар жок экенин айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG