Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:04

HRW уюму Орусияда репрессия күчөгөнүн белгиледи


Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму бүгүн 11-январда дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасын жарыялады. Анда белгиленгендей, Украинага кол салганына эки жыл болуп калган Орусияда бийлик башкача ойлонгон жарандарына каршы репрессияны күчөттү.

Укук коргоочулардын айтымында, согушка каршы пикирин ачык билдирген жарандардын түрмөгө кесилген мөөнөтү көбөйтүлүп, укук коргоо жаатында алектенген топтор жок кылынууда.

Баяндамада былтыр март айында Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путинди жана балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер бергени, алар украин балдарын Украинанын Киевге баш ийбеген же Орусия басып алган аймактарынан мыйзасыз алып чыгып кетүүгө шектелип жатканы белгиленди.

2023-жылы Орусиянын бийлиги активисттерге жана бийликти сындагандарга «орус армиясын жаманатты кылган” деген шылтоо менен кысымын улантканы, бул үчүн 50дөй киши, фейктер тууралуу беренеге ылайык 80 киши соттолгону маалымдалды.

Орус бийлиги көз каранды эмес маалымат каражаттарына да кысымын, журналисттерди куугунтуктоосун улантканы айтылды. Орус түрмөсүндө азыркы тапта “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы, Орусиянын да, АКШнын да жарандыгы бар Алсу Курмашева да камакта отурат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG