Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:14

Геноцидге айыпталып жаткан Израил Гаагада дооматтарды четке какты


Гаагадагы БУУнун Эл аралык сотунун судьялары. 11-январь, 2024-жыл.
Гаагадагы БУУнун Эл аралык сотунун судьялары. 11-январь, 2024-жыл.

Газа тилкесинде палестиндерди тукум курут кылууда деген айып тагылып жаткан Израил Гаагадагы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотунда 12-январда өзүнө каршы дооматтарды четке какты.

Израил тараптын юристи Таль Беккер Түштүк Африка сотко “терең бурмаланган маалыматты” бергенин айтты. Буга чейин Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху дагы анын өлкөсүнө тагылган айыптарды четке каккан.

“Жок, Түштүк Африка, биз эмес, ХАМАС геноцид уюштурууну көздөп жатат. Ал колунан келсе баарыбызды кырмак. Андан айырмаланып, Израил армиясы колунан келишинче моралдык көз караштан алганда туура кадамдарды жасап жатат”, - деди премьер-министр.

Түштүк Африка Республикасы Израил БУУнун 1948-кабыл алынган Геноцид боюнча конвенциясын бузуп жатканын жүйө келтирип, Эл аралык сотко 2023-жылдын соңунда кайрылган.

Түштүк Африка Республикасынын сотко жазган 84 барактан турган арызында Израил Газа тилкесиндеги палестиндерди өлтүрүп, аларга олуттуу моралдык жана физикалык зыян келтирип, аларды жок кылганга барабар шарттарды түзүү менен геноцид жүргүзүп жатканын белгилеген. Ошондой эле документте Израил үч айдан бери уланып жаткан согушта палестиндерди тамак-аш, суу, дары-дармек жана башка гуманитардык жардам менен камсыздай албаганы жазылган.

Гаагадагы Эл аралык сот бул ишти 11-январда карай баштады.

Израил менен Түштүк Африка Республикасы экөө тең 1948-жылкы Геноцид боюнча конвенцияга кол коюшкан.

Аталган документке кол койгон бардык мамлекеттер геноцидге барбоого, аны алдын алууга жана ал үчүн жазалобоого милдеттүү. Конвенцияда геноцид деген түшүнүк «улуттук, этникалык, расалык же диний топту толук бойдон же жарым-жартылай жок кылуу ниетинде жасалган аракеттер» деп аныкталган.

Газадагы азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрда ХАМАСтын Израилдин айрым шаарларына кол салуусу себеп болгон. Израил ХАМАСтын бул кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 170тей аскери окко учканын билдирүүдө.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 23 миңден ашуун адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG