Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:02

Он бир журналисттин иши: Сегизи абакта калды, үчөө үй камагына чыкты

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен.

00:26 14.3.2024

CPJ кыргыз бийлигин сегиз журналистти бошотууга чакырды

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Кыргызстанда коррупцияга каршы иликтөө жүргүзүп келген сегиз журналисттин камактагы мөөнөтүнүн узартылышына тынчсыздануусун билдирди. Уюм 13-мартта жарыяланган билдирүүсүндө кыргыз бийлигин журналисттерди бошотууга чакырды.

"Кыргызстандын бийлиги Temirov Live каналынын азыркы жана мурдагы кызматкерлерине коюлган айыптарды токтоосуз жокко чыгарып, камактагы сегиз журналисттин баарын бошотушу жана көз карандысыз басма сөздү куугунтуктоону токтотушу керек", - деп жазылган анда.

“Temirov Live” каналына байланышы бар журналисттердин жапырт кармалышы Кыргызстандагы басма сөз эркиндиги кризисинин күчөп баратканын ачыктап турат. Алардын камактагы мөөнөтүн узартуу менен өлкөнүн бийликтери бул репрессиялык багытты улантуу ниетин билдирип жатышат”, - деп билдирген CPJдин Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын Нью-Йорктогу координатору Гүлноза Саид.

Журналисттерди коргоо комитети журналисттердин кармалып, камалышы, 24.kg маалымат сайтынын кеңсеси тинтүүгө алынып, “согушка үгүттөө” беренеси боюнча кылмыш иши козголушу, Kloop Медианын жабылышы - өлкөдө сөз эркиндигине кысым жүрүп жатканынан кабар берет деп эсептейт.

12-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулун, Махабат Тажибек кызын, кабарчысы Айке Бейшекееваны, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиевди, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду, журналисттер Актилек Капаровду, Тыныстан Асыпбековду 13-майга чейин камакта калтырган.

Журналист Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тил каты менен абактан чыкты. “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.

7-мартта президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан. Ал жолугушууда камактагы 11 журналистти үй камагына чыгаруу маселеси да көтөрүлгөн.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин камакка алган. Кийин шаардык сот ал токтомдорду күчүндө калтырган.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

00:25 14.3.2024

"Жапырт башаламандык уюштурууга" шек саналып, камалганына дээрлик эки ай болгон 11 журналисттин үчөө 12-мартта үй камагына чыгып, сегизи абакта калды. Алар милиция койгон айыпты четке кагып келүүдө.

7-мартта президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан. Ал жолугушууда камактагы 11 журналистти үй камагына чыгаруу маселеси да көтөрүлгөнүн иликтөөчү Али Токтакунов билдирди:

“Реалдуу алып караганда алардын күнөөсү жоктугун, алар күнөөлүү деп коомчулукту ынандыра албай жатканын айттык. Мага кезек келгенде аларды бүгүнбү же беш айдан кийинби үй камагына чыгаруунун айырмасы жоктугун белгилеп, орозонун алдында боштондукка чыгарып, тергөөнү уланта берүүнү сунуштадым. Ошондо бүгүнкү жолугушуубуздун иштиктүү натыйжасы болмок дедим. Президент жана башка бийлик өкүлдөрү суроолорго жооп берип жатып, “кармоого негиз болгон иш боюнча катышы азыраак дегендерди үй камагына чыгаралы” дегендей сөздөрдү айтышкан”.

Токтакунов журналисттер коомчулугу камакта калган кесиптештеринин жагдайына тынчсызданып турганын, бийлик аларды күнөөлүү деп коомчулукту ынандыра албаганын кошумчалады.

Активист Адил Турдукулов редакторлор менен бийлик башындагылардын жолугушуусу жана камактагы кабарчыларды бошотуу боюнча айтылып жаткан талаптар тууралуу мындай ой бөлүштү:

“Мында президент утту. "Камакта сегиз журналист калды, үчөөнү чыгардык. Бул силерди укканыбыздын жыйынтыгы” деп айтканга акысы бар. Андан тышкары, эл аралык коомчулук камактагы журналисттерди бошотууга чакырып, дүбүрт салганы бир жагынан туурадыр. Бирок бийлик муну “басым көрсөтүү аракети” катары кабыл алып, “басымга баш ийип бербейбиз” дегендей түр көрсөтүп жатат деген божомолум бар”.

11:27 13.3.2024

11 журналисттин иши: Үчөө үй камагына чыкты, калганы абакта калды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттер Максат Тажибек уулун, Актилек Капаровду, Тыныстан Асыпбековду жана Махабат Тажибек кызын да 13-майга чейин камакта калтырган чечим чыгарды. “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, 21 жаштагы кабарчысы Айке Бейшекеева да камакта калды. Журналист Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө боюнча тил кат менен абактан чыкты. “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыкты. 16-январдан бери тергөө абагында отурган 11 журналист коюлган айыпты четке кагып жатат.

Бишкек: Он бир журналисттин соту
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:07 0:00

21:37 12.3.2024

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG