Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Украинанын бир нече аймагы дрон менен аткыланды


Украина. Иллюстрациялык сүрөт.
Украина. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинада Орусиянын 18-январга караган түндөгү чабуулунан ондогон үйлөр талкаланып, бир киши каза болду. Харьков облусундагы Купянск шаарында 57 жаштагы аял каза болгонун, дагы эки киши жараат алганын, көп батирлүү үй жабыркаганын облус башчысы Олег Синегубов билдирди.

Одесса облусунда 134 батирлүү 11 үй талкаланганын жергиликтүү бийлик кабарлады.

Өткөн түнү, Украинанын Куралдуу күчтөрү маалымдагандай, Орусия учурган 33 Shahed дронунун 22си атып түшүрүлдү.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган, 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабдуу согуш ачкан. Өзү муну "атайын аскердик операция" деп атоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG