Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:38

Орусиядагы "Ватандош" биримдигинин жетекчиси эки айга камалды


Усман Баратов сот залында.
Усман Баратов сот залында.

Москванын Замоскворецк райондук соту Орусиядагы өзбекстандыктардын “Ватандош” деп аталган бирикмесинин башчысы Усман Баратовду эки айга камакка алды. Бул тууралуу 19-январда соттун басма сөз кызматы билдирди. 18-январда Тергөө комитети Баратовго “кастыкты же жек көрүүнү козутуу” беренеси боюнча иш козгогон.

Буга Баратовдун Орусияда жумуртка баасынын кескин көтөрүлүп кетишин сындаган социалдык тармактардагы посту себеп болду.

Былтыр декабрда Баратов тооктун сүрөтүн коюп, “Cилерге жумуртка эмес, эч нерсе жок! Короздорду фронттон кайтаргыла” - деп жазган.

Бул билдирүүгө кремлчил блогерлер көңүл буруп, Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинге кайрылып, өзбекстандыктардын бирикмесинин жетекчисине кылмыш ишин козгоону талап кылышкан.

Көп өтпөй Баратов кармалып, тергөө ага “атайын аскердик операциянын катышуучуларынын беделине шек келтирген” деген айып таккан. Орусияда Украинадагы согушту “атайын аскердик операция” деп аташат.

Усман Баратов өзү тооктун сүрөтү аскердик операциянын катышуучуларына эч тиешеси жок экенин билдирген. Кийин ал социалдык тармактагы баракчасын кимдир бирөөлөр бузуп киргенин айтып, постту өчүргөн. Сотто Баратов өзүнө тагылган айыпты мойнуна алган жок. Ал - Орусиянын жараны.

Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой улуттук бирикмелерди жана диаспораларды уюшкан кылмыштуу түзүмдөргө теңеп, “улуттар аралык либерализмге” чекит коюуга жана “мындай бирикмелерди жок кылууга” чакырды.

XS
SM
MD
LG