Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

Камактагы журналисттердин бири Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады


17-январь. Журналист Сайпидин Султаналиевди милиция кызматкерлери сотко алып келүүдө.
17-январь. Журналист Сайпидин Султаналиевди милиция кызматкерлери сотко алып келүүдө.

16-январда кармалып, эки айга камалган журналисттердин бири Сайпидин Султаналиев абактан кайрылуу жолдоду. Анын билдирүүсү 23-январда Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Султаналиев укук коргоо органдары кармалган журналисттерге айып тагуунун ордуна алардын материалдарына көңүл бурушу керектигин, ошондо “мыйзамсыздык кайсы жакта болуп жатканы тактала турганын” жазган.

Ал соттордун ишмердигин сынга алып, журналисттердин иши боюнча “көз карандысыз чечим кабыл албаганын” айыптаган.

Султаналиевдин кайрылуусу боюнча укук коргоо органдары комментарий бере элек.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камалган.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникаларын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Президент Садыр Жапаров 19-январда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине медиа тармагындагы акыркы окуяларга комментарий берген. 24.kg сайтынын иши тергелип жатканын, мыйзамда каралган бардык жол-жоболор жасалышы керек экенин айткан.

Ал эми камакка алынган 11 адамды “алар кесипкөй журналист эмес", "социалдык тармактарда ар кандай маалыматтарды чыгарып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат” деген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG