Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:18

25-январь: Жаза аткаруу кызматынын иликтөөсү, "Сапат" лицейинин мугалими, Литванын эскертүүсү


Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган айыпталуучулар
Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган айыпталуучулар

24-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Кемпир-Абад иши: Жаза аткаруу кызматы иликтөө баштады

Жаза аткаруу кызматы Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында отургандардын “кыйноого кабылганы” тууралуу даттануусунан кийин кызматтык иликтөө баштады. 24-январда айыпталуучулардын бири Темир Махмудов тергөө абагында күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айткан. Дагы бир айыпталуучу Кеңешбек Дүйшөбаев “түнкү саат 12ден кийин кызматкерлер камераларга келип, тинтүү жүргүзүп, түнү менен уктатпай жатканын” билдирип, моралдык-психологиялык басымга кабылганын билдирген. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активист 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта алардын ондон ашыгы тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев эки айга камалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев "кылмыш жоопкерчилигинен жана башка кылмыш иши боюнча тергөө иштерине катышуудан качуу максатында чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн" кармалып, камалганын билдирди. 24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутатты сот залынан 26-февралга чейин камакка алды. Сотко катышкан журналисттер кабарлагандай, Жамгырчиев соттун чечими менен макул эместигин, жогорку инстанцияга кайрыла турганын билдирди. УКМК депутатты жоопкерчиликке тартуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчү каралып жаткан чакта анын терезеден секирип качып кеткенин иликтөө иштерине тоскоолдук деп сыпаттаган. 10-январда парламент Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

Кызыл-Кыядагы "Сапат" лицейинин мугалими кармалды

Баткен облустук милициясы “Сапат” билим берүү мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейинде окуучуларга "күч колдонгон" деп шек саналган 35 жаштагы мугалим кармалганын билдирди. “Текшерүү иштеринин жүрүшүндө видео тасмага түшкөн 35 жаштагы Г.О. аттуу мугалим 2024-жылы 22-январь күнү саат 22:30дар чамасында 16 жаштагы окуучу уктоочу бөлмөдө достору менен сүйлөшүп отуруп, каткырып күлгөндүктөн аны коридорго алып чыгып, бетке урганы маалым болгон”, - деп айтылат маалыматта. Мунун алдында “Сапат” билдирүү таратып, окуучуларга кол көтөргөн мугалим менен лицейдин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары жумуштан алынганын билдирген. Билим берүү жана илим министрлиги комиссия түзүлөрүн маалымдады.

Литва аскерлерине Орусияга, Беларуска жана Кытайга барууга тыюу салды

Литванын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул өлкөлөрдүн тизмеси улуттук коопсуздукка жаралган коркунучтардын жана тобокелдиктердин негизинде түзүлгөн. “Улуттук коопсуздук стратегиясында Орусия Федерациясы, Беларус жана Кытай Литванын жана өлкө жарандарынын коопсуздугуна коркунуч жаратары, анын ичинде ошол мамлекеттердин атайын кызматтарынын Литвага каршы тыңчылык коркунучу бардыгы айтылган”, - деп белгиленет өкмөт токтомунун долбоорунда. Документте аскерлерге аталган өлкөлөргө кайсы учурларда барууга, мисалы ал жактардагы жакын туугандары ооруп же каза болгондо уруксат берилери айтылган. Өткөн сентябрда Литванын Кризистерди башкаруу улуттук борбору мындай чектөөгө 56 миңдей киши туш болушу мүмкүн экенин билдирген.

Зеленский Орусиядагы учак кырсыгын эл аралык деңгээлде иликтөөнү талап кылат

Украинанын президенти Владимир Зеленский шаршембиде Белгород облусунда орусиялык Ил-76 аскердик-транспорттук учактын кыйрашы боюнча комментарий берип, эл аралык деңгээлде иликтөөнү талап кыларын айтты. "Так фактыларды аныктоо зарыл. Учак Орусиянын аймагында, биздин көзөмөлүбүз жок жерде кулаганын эске алуу менен, болушунча так иликтөө керек". Орусиянын Коргоо министрлиги 24-январда украиналык согуш туткундарын алмаштыруу үчүн ташып бараткан учак кыйраганда украиналык 65 туткун жана Орусиянын тогуз жараны (экипаждын 6 мүчөсү жана коштоочу 3 киши) набыт болгонун билдирген. Москванын мындай билдирүүсүн көз карандысыз булактар ырастай элек.
Украин бийлиги 24-январда Орусия менен туткун айырбаштоо пландалганын ырастаган.

Журналист Алсу Курмашеванын орус абагында отурганына 100 күн болду

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр редакциясынын журналисти Алсу Курмашева Орусияда кармалганына 100 күн болду. Эл аралык медиа мекеменин президентинин милдетин аткаруучу Стивен Капус "орус бийлиги Курмашеваны шартсыз жана токтоосуз бошотууга тийиш" деп билдирди. АКШнын Мамлекеттик департаменти журналистти чукул арада “негизсиз кармалган” деп таанырына ишенерин белгилеген. АКШнын жана Орусиянын жараны, Прагада жашаган Алсу Курмашева былтыр май айында үй-бүлөлүк иштери менен Орусияга барып, июнда кайра кайтып жаткан учурда аэропорттон кармалып, атайын кызматтар анын эки паспортун тең алып коюшкан. Казан соту журналистке «чет өлкөлүк агент катары каттоого турган эмес», «орусиялык аскерлер тууралуу фейк маалымат тараткан» деген кине коюп жатканы кабаланган.

XS
SM
MD
LG