Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Балыкчы: окуучу кызды сүзүп кеткен окуядан кийин милициянын башчысы жана иниси иштен алынды


Балыкчы милициясынын алдына чогулган тургундар. 26-январь. 2024
Балыкчы милициясынын алдына чогулган тургундар. 26-январь. 2024

26-январда Балыкчы шаарында жол боюнда турган 12 жаштагы окуучу кызды автоунаа коюп кетип, ал учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча маалымат таратып, Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев менен кызматкер иниси экөө ээлеген кызматтарынан бошотулганын кабарлады.

27-январга караган түнү шаардык милициянын башчысынын бул кырсыкка тиешеси бар-жогун так билүү үчүн Балыкчы милициясынын алдына 50дөй тургун чогулушкан. Чогулгандарга шаардык улуттук коопсуздук комитетинин башчысы чыгып, милициянын башчысы изделип жатканын айткан.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы кырсык болгонун ырастап, кызды сүзүп кеткен Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү болгонун билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, Балыкчы шаардык милициясынын аймактык ыйгарым өкүлү К.Б. тергөө кызматына келип, өспүрүм кызды сүзүп алып, окуя болгон жерден качып кеткенин айтып берген. Аны наркологиялык текшерүүдөн өткөргөндө таза экени аныкталган. Автоунаа айып короосуна киргизилди.

Маалыматка караганда, кырсык боюнча Ысык-Көл облустук милициясынын тергөөчүлөрү жана облустук прокуратуранын кызматкерлери жеринде иштеп жатат. Облустук милициянын жетекчилиги ишти өз көзөмөлүнө алды. (АsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG