Бишкекте 11 журналист тергөө абагына которулду
Кыргыз бийлиги экс-бажычы Райымбек Матраимовдун 80 миллион долларга бааланган мал-мүлкү конфискация болорун билдирди. Мурда кармалып, айып пул менен бошогон Матраимовго өткөн апта издөө жарыяланган. Жо Байден Иорданиядагы базада дрон соккусунан каза тапкан үч америкалык аскердин өлүмүнө жооп кайтарыларын эскертти. Иран "ал окуяга тиешеси бар" деген айыптоолорду четке кагууда. 11 журналист Жаза аткаруу кызматына караштуу №1 тергөө абагына которулду. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор алар 13 күндөн бери милициянын убактылуу кармоочу жайында отурганын кыйноого тете деп баалаган.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 16, 2026COP17: Биотүрдүүлүктү сактоо үчүн Кыргызстандын төрт демилгеси
-
Октябрь 15, 2026Суваналиев менен Жапыкеев тил сынактан кулады
-
Октябрь 15, 2026Киев Starlink системасы ишин чектегенин сындады
-
Октябрь 12, 2026"Яндекстеги" кризис, жергиликтүү таксиге талап
-
Октябрь 12, 2026АКШ - Орусия: Зеленский катышпаган "энергетикалык сүйлөшүү"
-
Октябрь 08, 2026Темирлан Султанбеков жети, Кадырбек Атамбаев төрт жылга кесилди