Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Сыдыков Штефан Тарковичтин маселеси качан караларын айтты


Штефан Таркович.
Штефан Таркович.

Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин маселеси Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынан кийин карала турганын билдирди. Бул тууралуу ал Кыргызстандын Футбол уюмуна берген чакан маегинде айтты.

“Штефан Тарковичтин биз менен 30-июнга чейин келишими бар. Экинчиден, ал кишинин алдында Дүйнө чемпионатынын тандап алуу турунда негизги төрт оюну турат. Чечүүчү оюндарды өткөргөндөн кийин чечим кабыл алынат”, - деди ал.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өтүп жаткан Азия кубогундагы ийгиликсиз оюнунан кийин 29-январда Футбол уюмунун президенти Медербек Сыдыков жана аткаруу комитети кызматтан кеткен. Алар уюмдун 19-февралда өтө турган кезексиз жыйынына чейин иштеп турат. Анда Кыргыз футбол союзунун президентин жана аткаруу комитетин шайлоо болот.

2023-жылы май айында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына башкы машыктыруучу болуп дайындалган словакиялык Штефан Таркович менен Кыргыз футбол бирлиги 2024-жылдын 30-июнуна чейин келишим түзгөн.

Штефан Таркович УЕФАнын Pro машыктыруучулук лицензиясын алган. 2020-жылдан 2022-жылга чейин Словакиянын улуттук курама командасын машыктырган.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Катарда өтүп жаткан Азия кубогунда тайпадан чыкпай калды. “Акшумкарлар” тайпалык баскычта алгач Тайландга 2:0, Сауд Арабиясына да ушундай эле эсеп менен жеңилген. F тайпасындагы акыркы оюнунда Оман менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгып, үч беттеште бир гана гол киргизди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG