Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:22

Бишкекте коомдук транспортто жол кире кымбаттады


Бишкекте коомдук транспортто бараткан жүргүнчүлөр. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкекте коомдук транспортто бараткан жүргүнчүлөр. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында 30-январдан баштап коомдук транспортто жаңы тарифтер күчүнө кирди. Ага ылайык, автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруткаларда 20 сом.

Бишкек шаардык кеңешинин тиешелүү токтому 15-январда чыккан. Жол кирени көтөрүү чечимин шаардык кеңеш 2023-жылдын 27-декабрында кабыл алган.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев жол кирени көтөрбөсө жаңы сатылып алынган автобустарды жоготуп алуу коркунучу турганын билдирген.

Борбордо коомдук транспорт көп жылдардан бери чечилбей келаткан көйгөйлөрдүн бири. Былтыр Кытайдан жаңы автобустар алынган.

Бишкекте буга чейин кичи автобустардын жол киреси 15 сом, автобус менен троллейбуста 11 сом болчу. (BTo)

XS
SM
MD
LG